КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ

  • 25.11.2026

Цзянси провинциясынын делегациясы Бишкекте болуп, биргелешкен окуу программаларын, адистерди даярдоо жана Кытай-Кыргыз кесиптик билим берүү альянсынын алкагындагы долбоорлорду талкуулады.

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордо Кытайдын Цзянси провинциясынын делегациясы менен жолугушуу өттү.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ

Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды. Өзгөчө Кытай-Кыргыз кесиптик билим берүү жана өндүрүштү интеграциялоо альянсынын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, окуу программаларын жаңылоо, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана студенттердин өндүрүштүк практикасын уюштуруу маселелерине көңүл бурулду.

Кытай делегациясынын курамында Цзянси кесиптик-техникалык университетинин өкүлү Ши Вэньбин, Цзянси өнөр жай кесиптик-техникалык колледжинин директору Юй Шилинь жана Цзянси провинциясынын Билим берүү департаментинин өкүлү Цзоу Хайян болду.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ

Иш-чаранын жүрүшүндө Кытайда квалификациясын жогорулатып келген кыргызстандык педагогдор «Курама курулуш технологиясы» багыты боюнча алган билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар үчүн окуу 5–15-ноябрь күндөрү Кызыл-Суу кесиптик-техникалык колледжинде (Артуш шаары) жана Цзянси провинциясындагы окуу жайда уюштурулган.

Мындан тышкары, тараптар жаңы энергетикалык унааларды тейлөө жана оңдоо, кыска мөөнөттүү кесиптик курстарды уюштуруу  жана окутуучуларды даярдоо багыттарында кызматташууну талкуулашты.

Кытай делегациясы Бишкектеги №93 кесиптик лицейге жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейине да барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Түздөн-түз кызматташуу жана биргелешкен окуу-өндүрүштүк борборлорду уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Кыргызстан менен Кытайдын кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тиешелүү меморандумдардын жана түзүлгөн келишимдердин негизинде өнүгүүдө. Тараптардын негизги максаты — эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү, заманбап технологияларды окуу процессине киргизүү жана эмгек рыногунун талабына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоо.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты практикалык долбоорлор аркылуу улантуу жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүү боюнча пикир биримдиги белгиленди.

 

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү