“ЖЕҢИШ ҮЧҮН ЧОҢ АТАЛАРГА РАХМАТ!”

  • 01.05.2020
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган көптөгөн иш-чараларды өткөрүүдө. Учурда дагы бир “Жеңиш үчүн чоң аталарга рахмат!” акцияны жарыялашты.

Акциянын максаты — өсүп келе жаткан муунду патриоттуулука тарбиялоо, муундар ортосундагы тарыхый катнашты бекемдөө, улуу адамдарга сый-урмат көрсөтүү, Улуу Ата мекендик согуш убагындагы адамдардын эрдигин билүү, алардын фронттогу, тылдагы жасаган эрдиктерин, балдар сыймыктануу менен эскерип, аларды унутпоого тарбиялоо.

— Жылдан жылга убакыт бизди Улуу Жеңиш күнүнөн алыстатып баратат. Согуштун ардагерлеринин саны азайгандан азайууда. Бирок биз, алардын жаркын элестерин сактап, муундан муунга калтырып, алар аталары, чоң аталары, бабалары менен сыймыктанышы керектигин улам айтып турушубуз керек. Бизге Улуу Жеңишти камсыз кылган ар бири кымбат. Бул биздин жалпы адамзаттын тарыхы. Биздин акцияга ар бир каалаган үй-бүлө катыша алат. Үй-бүлөлүк архивдик сүрөттөрдөн чоң атаңардын, апаңардын, бабаңардын сүрөттөрүн таап, ата-энеңиздер менен бирге, баардыгыңыздар “Жеңиш үчүн чоң атама рахмат!” деп кыйкыруу менен бирге, согушка катышкан адамдын аты-жөнүн, канча жашында фронтко кеткенин, кайсы фронтто болгонун, кандай медаль ордендердин ээси экендигин айтып берсеңиздер болот (кыскача). Видеону тартып, бизге жөнөтүп, ал акцияны тааныштарга, кошуналарга, туугандарга да жөнөтсөңөр болот. Ошондой эле арабызда ошол согуштан аман калган ардагерлер болсо, сүрөтү, толук дареги менен видеолор кабыл алынат. Биз канчалык көп болсок, ошончолук биз согушка катышкан бардык ардагерлердин, тылдагы эмгекчил апа, аталардын жаркын элестерине таазим кылып, “Рахмат” дет айтабыз, — дейт «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова.

Бул акцияга катышуучулардын видеолору Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун Фейсбук баракчасына, сайтына жарыяланат.

Видеолорду бул почталарга: [email protected], [email protected],

0551727269, 0555769672 WhatsApp номерлерине жөнөтсөңүздөр болот.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер