ЖАЗЫК ПРОЦЕССИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 17.05.2019
  • 0

Жаӊы жазык процессин колдонуудагы пайда болгон көгөйлүү маселерди жалпылап талкуулоо, сот өндүрүшүндө колдонуу тартиби сыяктуу негизги маселелерди талкуулаган «Кыргыз Республикасынын жаӊы сот өндүрүшүнүн институттары: укук колдонуу практикадагы көгөйлөр» аттуу илимий-практикалык конференция Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп өттү.

ЖАЗЫК ПРОЦЕССИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чараны юридикалык факультетинин жазык процесси жана соттук экспертиза кафедрасы өткөрүп, ага укук коргоо органдарынан чакырылган коноктор: Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун судьясы Ф.Осмонов, Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу, Бишкек шаарынын прокурорунун биринчи орун басары М.Бектурганов, Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысынын орун басары Н.Жумакадыров, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору М.Кулжабаев жана бир катар илимпоз окумуштуулар катышышты.

Конференцияда козголгон маселелер боюнча түрдүү ой пикирлер айтылып, аягында резолюция кабыл алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер