ЖАЙЛОО БАЛДАРЫ КЫТАЙ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 16.06.2021
  • 0

“Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борбору” балдарды билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнү максат кылат. Жакында эле Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы “Аруузат” жана Кара-Саз айылына караштуу Үкөк жайлоосундагы  «Ата» бала бакчаларына Бишкек гуманитардык университетине караштуу Конфуций институтунун студенттери барып,  кызыктуу мастер-класс өтүп, кытай маданияты менен жайлоо балдарын жакындан тааныштырышты.

ЖАЙЛОО БАЛДАРЫ КЫТАЙ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Конфуций институтунун студенттери балдарга кытайча жазганды  таанытып таң калтырган болсо, «Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин мугалими Аксана Молдалиева түстүү кагаздардан, ошол эле кытай элинин желдеткичин жасап үйрөттү.

ЖАЙЛОО БАЛДАРЫ КЫТАЙ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

— Бала тарбиясы тууралуу ойлонгондо, жазылбай калган эсепсиз эрежелер бар. Ата-энени кадырлоого, Мекенди сүйүүгө, адептүү, ыймандуу болууга бирден бир түрткү берген – тарбиячы, мугалим. Бүгүнкү күндө жайлоо бакчаларынын аркасында чоң команда иштеп жатат. Фонддун жалпы жамаатына, ушундай мастер-класстарды уюштуруп берген Д.Кендирбаевага, Чынара эже, Арстан агайга, Бишкек гуманитардык университетине караштуу Конфуций институтунун директору Ду Хуа  жана Гүлзат Тыныбековнага  чоң ыраазычылык билдиребиз! Тарбиячы эжейлер түмөн түйшүккө карабай балдарды билимге сугарып келе жатышат. Ушул балдар акылы менен таңдандырып, билими менен суктандырып кыргыз  элине пайдасы тийген жаштардан болушун тилейбиз, — дейт Аксана Молдалиева.

ЖАЙЛОО БАЛДАРЫ КЫТАЙ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

“Жайлоо өнүгүү борбору” алыскы аймактарда жайгашкан жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жайыттарга багытталган. Мобилдик борборлор боз үйлөрдө жайгашкан, мектепке чейинки курактагы балдарга негизги билимди берүү үчүн баардык нерселер менен жабдылган.

ЖАЙЛОО БАЛДАРЫ КЫТАЙ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ЖАЙЛОО БАЛДАРЫ КЫТАЙ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ЖАЙЛОО БАЛДАРЫ КЫТАЙ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

— Мугалимдер күнүнө үч сааттан сүйлөө, эсептөө жана башка маанилүү көндүмдөрдү өрчүтүүгө үйрөтүшөт. Бала бакчанын программасы иштелип чыгып  жана ушул программага ылайык, чабандардын балдары кабыл алына баштайт. Бакчага дээрлик баардык  балдар келишет, анын ичинде башка айыл аймактарынан дагы балдар бар. Балдар көбүнчө эркин болушат, өзү  каалаган нерсесин жасап үйрөнүшөт, ар кандай оюндарды ойноп, эсептөөнү, жазууну жана окууну үйрөнүшөт. Бул бакчада тарбияланган ондогон балдар, кымыз ичип, атка минип дегендей — кадимки боз үйлөрдө билим алышат. Андагы балдардын оюнчуктары чүкө, укканы кыргыз жомоктору, ал эми олтурган жерлерине кадимки эле шырдак, кыргыз жер төшөктөрү төшөлгөн. Натыйжада,  жаңы окуу жылына балдар даяр болуп жайлоодон түшүшөт, — дейт мугалим Аксана.

 «Энелерди жана балдарды өнүктүрүү»

Жакында белгилүү лейлектик новатор-мугалим Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби»  балдарды өнүктүрүү демилгесин, ишмердүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү максатында фонддун жамаатынын, экс-Президент Р.Отунбаеванын жеке каражаттары жана Нью-Йорктогу мекендештердин жардамы менен керемет боз үй белекке берилип, түндүгү көтөрүлдү. Тактап айтканда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Жаштык айылындагы атактуу №3 эксперименталдык гимназияда «Энелерди жана балдарды өнүктүрүү» борбору ачылды. Эми белекке берилген боз үйдө өнүктүрүү иштерин өткөрүп турушат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер