ЖАЙКЫ ЖАНА КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ БОЛОТ

  • 27.07.2022
  • 0
ЖАЙКЫ ЖАНА КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ БОЛОТ

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун жаңы тартиби күчүнө кирди. Эми абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт.

Жаңы жобо боюнча ЖОЖго жайкы жана кышкы кабыл алуу болот. Кышкы кабыл алуу жайындагы сынактардан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт. Мындан улам, жалпы республикалык тестирлөө да жылына эки жолу өткөрүлөт. Тагыраагы ЖРТга катыша албаган же окуу жайга тапшыра албай калган абитуриенттер жарым жылдан кийин кайрадан тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат.

ЖОЖдордогу гранттык орундага конкурстан сырткары кимдер кабыл алынат?

Абитуриенттер гранттык орунга тапшыруу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы менен сынакка катышат. Ал эми тестирлөөнүн негизги тестинен эң жогорку упай алгандардар конкурска катышпай кабыл алына алат. Андан сырткары ушул жылы республикалык олимпиадаларда 1-2-3-орундарды ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери ЖРТга катышып босого упайга ээ болгон учурда өздөрүнүн тандоосу боюнча олимпиаданын предмети шайкеш келген адистиктерге жана багыттарга; “Алтын тамга” тастыктамасына ээ болгон абитуриенттер ЖРТга катышып босого упайды ала алса гранттык орундарга кабыл алына алат.

Эгерде студент ЖОЖго кабыл алынса, ал жерде окууга макул экенин билдирип ар бир турдун календардык 6-күнү саат 16:00гө чейин кабыл алуу комиссиясына документтерди тапшырууга тийиш.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер