ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫНА ЖАЛПЫ ЖАРДАМ БЕРЕЛИ

  • 21.05.2021
  • 0

Болотбек Купешев Ош облусунун Өзгөн шаарындагы жетим жана кароосуз калган балдардын жатак мектебинде болуп, мектептин ал-абалы менен жакындан таанышты.

ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫНА ЖАЛПЫ ЖАРДАМ БЕРЕЛИ

Өзгөн шаарындагы М.Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдардын жатак-мектебинде азыркы учурда 180 бала окуп, тарбияланат. Жатак мектептин директору Токталы Айтыкурманов жетектеген жалпы жамаат тагдырдын буйругу менен бул жерде тарбияланып жаткан балдардын жетиштүү билим-тарбия алуусуна, келечекте керектүү кесипке ээ болуусуна кам көрүшүп, талбай эмгектенип келишет. Быйыл 11-классты аяктап жаткандардын арасында “Алтын тамгага” талапкерлер да бар экени кубандырбай койбойт.

ЖАТАК МЕКТЕП БАЛДАРЫНА ЖАЛПЫ ЖАРДАМ БЕРЕЛИ

Жатак мектептин директору азык-түлүктүн баасы кымбаттаган азыркы кризис маалында, балдардын тамактануусуна көбүрөөк каражат бөлүү өтүнүчү менен кайрылды. Министр жатак мектепке тиешелүү маселелерди тез арада чечүүгө убада берип, жергиликтүү бийлик органдарын жана коомчулукту колдоого муктаж балдардын ден соолуктарын чыңдоо, жетиштүү тамактандыруу жана окуу-тарбиясына биргелешип көмөк көрсөтүүгө чакырып өттү.

Өз маалыматыбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер