ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЖАШТАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК  ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТАТ

  • 06.04.2023
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси”  эл аралык коомдук фонду KICB банкы  жана Ага Хан өнүктүрүү уюму менен  биргеликте жыл сайын жазында уюштуруп келген жашылдандыруу акциясын өткөрдү.

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЖАШТАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК  ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТАТ

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЖАШТАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК  ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТАТ

“Роза Отунбаеванын демилгеси”  эл аралык коомдук фондунун пресс-катчысы Салтанат Абдыбек кызы берген маалыматка таянсак, акциянын максаты — балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу жана мектептин аймактарында жагымдуу микроклиматты түзүү.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директору Догдургүл Кендирбаева мындай экологиялык акциялар жыл сайын уюштурулуп келээрин айтып, акыркы эки жылда КР Президенти жарыялаган «Жашыл мурас» өнөктөгүн колдоо алкагында өтүп жатканын белгиледи.

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЖАШТАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК  ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТАТ

— Фонд негизделгенден бери экология багытында аткарган иштеринин алкагында билим берүү мекемелеринин аймагында 40 000 ашуун көчөттөр отургузулду. KICB банкына ыраазычылык билдирүү менен өлкөдөгү ар бир бизнести ушундай социалдык жоопкерчиликтүү болууга чакырат элек, — деди Догдургүл Шаршеевна.

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (КИКБ) ЖАК жашылдандыруу үчүн 2012-жылы «Жашылдандыруу фондун» түзүп, көчөттөрдү отургузуу жана бактарды сактоо боюнча кампанияны ишке ашырып келүүдө.

Мектептерде жана бала бакчаларда микроклиматты сактоо максатында «Жашылдандыруу фонду» жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду  тарабынан жыл сайын миңден ашык жаңы көчөттөр отургузулат. Жашыл мейкиндиктер кычкылтек бөлүп, абанын температурасын жөнгө салып, аны токсиндерден тазалап, борбордо жагымдуу микроклиматты камсыздайт.

KICB банкынын санарип ишмердүүлүгүнүн жетекчиси  Елена Таирова “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна ыраазычылыгын билдирип, туруктуу кызматташуу жакшы натыйжаларды алып келип жатканын белгиледи.

— Биз жөн жерден бул акцияларды билим берүү мекемелеринде өткөрүп жаткан жокпуз. Бүгүнкү көчөт отургузууда катышкан окуучулар кийинки жылдары ушул бактардын көлөкөсүнө кубанышат. Экологияны сактоого салым кошуп үйрөнүшөт, — деди Елена Таирова

Бак отургузуу өнөктүгүнө катышкан билим берүү министрлигинин өкүлү Динара Урматова жана  Биринчи май райондук администрациянын администрация башчысынын орун басары Аида Рысбаева жашылдандыруу акциясынын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.

ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ЖАШТАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК  ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТАТ

Быйыл бак отургузуу үчүн 11 билим берүү мекемеси тандалды. Алар: Кулагы укпаган балдар интернаты;  Көзү азиздер интернаты; Чала уккан балдар интернаты; №5 мектеп-гимназия; №21, №73, №100, №103, №48, №101 жана №172 бала бакча.

— Үч интернатка «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду чыгарган китептер топтому жана бардык мектептерге KICB банкынан компьютер жана канцелярдык буюмдар комплектиси белекке берилди. Белгилеп кетсек,  бул багытта “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду көптөгөн жылдар бою өзгөчө көңүл буруп келет. Фонддун экология тармагындагы ишмердүүлүгүнүн натыйжалары менен бөлүшөбүз:  6500 жемиш дарактары айылдардагы мектептерде тамактандырууну оптималдаштыруу алкагында отургузулду; 30дан ашуун масштабдуу эко-акциялар өттү; 40тан ашуун экология жөнүндө бала бакчалардын тарбиячылары үчүн лекциялар окулду; мектеп окуучулары менен экологиялык тарбия берүү боюнча 60 жолугушуу өттү, — дейт С.Абдыбек кызы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер