“ЖАШЫЛ МУРАС” УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮ: БЫЙЫЛ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ 212 МИҢГЕ ЖАКЫН КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

  • 24.04.2024
  • 0

Өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында билим берүү уюмдары жыл сайын көчөт отургузуу иштерин жүргүзүп келет.

“ЖАШЫЛ МУРАС” УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮ: БЫЙЫЛ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ 212 МИҢГЕ ЖАКЫН КӨЧӨТ ОТУРГУЗДУ

Быйыл республика боюнча билим берүү уюмдары болжолдуу 212 миң көчөт отургузууга жетишти. Анын ичинде бала бакчалар – 38 миңге жакын, мектептер – 103 миңден ашуун, башталгыч кесиптик окуу жайлары – 20 миңдей, орто кесиптик окуу жайлары – 23 миңдей, жогорку окуу жайлары – 27 миңдей көчөт отургузду.

Мектептер:

*Ысык-Көл облусу – 12806 көчөт,

*Талас облусу – 14273 көчөт,

*Чүй облусу – 16330 көчөт,

*Ош облусу – 8011 көчөт,

*Бишкек шаары – 2325 көчөт,

*Жалал-Абад облусу – 30135 көчөт,

*Баткен облусу – 6968 көчөт,

*Ош шаары – 7016 көчөт,

*Нарын облусу – 5515 көчөт.

Бала бакчалар:

*Чүй облусу  – 840 көчөт,

*Ысык-Көл облусу – 4284 көчөт,

*Нарын облусу  – 1606 көчөт,

*Баткен  облусу – 3392 көчөт,

*Талас  облусу – 7169 көчөт,

*Бишкек шаары – 1506 көчөт,

*Ош  облусу  – 7296 көчөт,

*Жалал-Абад облусу  – 8975  көчөт,

*Ош шаары – 2671 көчөт.

Улуттук өнөктүктүн алкагында билим берүү уюмдарынын арасында 2 айлык көчөт отургузуу акциясы жүрүүдө. Учурда көчөт отургузуу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер