ЖАШТЫКТЫН, ШАТТЫКТЫН ЖАНА РОМАНТИКАНЫН МАЙРАМЫ

  • 17.11.2022
  • 0

Cтуденттердин эл аралык күнү 76 жолу майрамдалып жатат. Ушул күнгө карата Бишкек универсалдык колледжинде 1-курстун студенттерине келечектин ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү. 

ЖАШТЫКТЫН, ШАТТЫКТЫН ЖАНА РОМАНТИКАНЫН МАЙРАМЫ

 

Окуу жайдын студенттерин колледждин директору Айша Ибрагимова куттуктап,  бул күн жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын майрамы экенин баса белгилеп, анын тарыхына токтолду.

 

— 1939-жылдын 28-октябрында студенттер жана окутуучулар Чехословакиянын түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан. 15-ноябрь күнү жаштардын нааразычылыгы өсүп отуруп, көтөрүлүшкө айланган. Ал эми 17-ноябрь күнү таң атпай гестапочулар менен эсэсчилер студенттердин жатаканасын курчоого алып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан эң алдынкы тогуз  күнөөсүз студентти суроо-сопкуту жок эле өлүм жазасына тартышкан. Ушундай жүрөктүн үшүн алган окуядан кийин Гитлердин буйругу боюнча Чехословакиядагы бардык жогорку окуу жайлар согуш бүткөнчө жабылган. Учурда Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. Бул күн 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген. Ал эми 1989-жылы кайрадан студентердин демонстрациясы уланган. Бул күнү биздин республикада дагы студенттерге арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет. Бүгүн биз 1-курста окуган студенттерге келечектин ачкычын тапшырабыз. Урматттуу студенттер, алган билимиңиздер өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошот  деген ишеничтемин! Студенттик жолуңар байсалдуу болсун! – деди директор.

 

ЖАШТЫКТЫН, ШАТТЫКТЫН ЖАНА РОМАНТИКАНЫН МАЙРАМЫ

Андан кийин студенттердин күчү менен даярдалган иш-чарада студенттик күндөргө арналган декламациялар, акындардын ырлары окулду, заманбап бийлер бийленип, булбул үндүүлөр ырларын тартуулашты. Өлкөнүн ар аймагынан келип, келечекте бир кесиптин ээси болом дегендер үч жыл аралыгында бир туугандай болуп калышканын,  студент деген статуска ээ болуп, жаңы курбу-курдаштарын тапкандарын айтып, майрамды шаңга бөлөштү. Жаштык жалынга бөлөнгөндөрдүн көздөрүнөн нур чачырап, майрамдык маанай сезилип турду.  Жолуңар дайыма ачык болсун, студенттер!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер