ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КМТУНУН СТУДЕНТТЕРИ “УЧКУН” ЖАНА “КАЛЕМ” ИШКАНАЛАРЫНДА

  • 23.11.2026

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) дуалдык билим берүү системасын активдүү өнүктүрүп, студенттерге келечектеги кесибин түздөн-түз өндүрүштө өздөштүрүүгө шарт түзүүдө. ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КМТУНУН СТУДЕНТТЕРИ “УЧКУН” ЖАНА “КАЛЕМ” ИШКАНАЛАРЫНДА

2026-жылдын 19-ноябрында КМТУнун академиялык иштер боюнча проректору Эркингүл Сырымбекова Практика жана карьера борборунун кызматкерлери менен бирге «Учкун» жана «Калем» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна иш сапары менен барышты. Бул ишканаларда Кыргыз-Герман техникалык институтунун «Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы» багыты боюнча билим алып жаткан 2-курстун студенттери практикалык даярдыктан өтүшүүдө. ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КМТУНУН СТУДЕНТТЕРИ “УЧКУН” ЖАНА “КАЛЕМ” ИШКАНАЛАРЫНДА

Иш сапардын жүрүшүндө университеттин өкүлдөрү студенттердин практикадан өтүү шарттары, заманбап өндүрүштүк технологиялар жана кесиптик тапшырмаларды аткаруу жүрүшү менен таанышып, иш берүүчүлөр менен мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КМТУНУН СТУДЕНТТЕРИ “УЧКУН” ЖАНА “КАЛЕМ” ИШКАНАЛАРЫНДА

Белгилей кетсек, дуалдык билим берүү студенттерге теориялык билимди өндүрүштүк тажрыйба менен айкалыштырууга, кесиптик көндүмдөрдү бышыктоого жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык даярданууга өбөлгө түзөт.

КМТУ өнөктөш ишканалар менен байланышты чыңдап, практикага багытталган билим берүү аркылуу жогорку квалификациялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурууда.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү