АК ТАЯК ШЫКТАНДЫРГАН ЖОЛ ЖАНА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ЖЕТКЕН МУГАЛИМДИН КЫЯЛЫ
- 23.11.2026
- 0
Гүлназ Жүзбаева- көз менен көрбөгөн дүйнөнү жүрөктүн сезими, күчү, билим жана эрк менен багындырган мекенчил инсан
Адамдын тагдырын анын көзүнүн көргөнү же көрбөгөнү аныктайбы? Же адамдын жашоодогу ордун, бийиктигин, мүмкүнчүлүгүн анын жүрөгүндөгү үмүтү, акылындагы, жан-дүйнөсүндөгү максаты жана ошол максатка жетүү үчүн жасаган аракети аныктайбы?
Бул суроолорго жооп издегенде Париж Паралимпиадасынын катышуучусу, кыргызстандык Гүлназ Жүзбаеванын өмүр жолуна кайрылууга туура келет. Анын басып өткөн жолу — бир гана спорттук ийгиликтердин баяны гана эмес. Бул — тагдырдын оор сыноосуна моюн сунбаган адамдын кайраты, темирдей эрки, илим-билимге умтулуусу, коомго кызмат кылуусу, өзүнө гана эмес, жүздөгөн азиз адамдарга жаңы жашоонун эшигин ачкандыгы, ийгилик, жеңиштерге шыктандырып, үмүт жандырганы жөнүндөгү өрнөктүү баян.
Сүйүнчү, Гүлназ- паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болду
Бүгүн, 24-ноябрда ушул макала сайтка жарыяланып жатканда дагы Гүлназ Жүзбаева Абу-Даби шаарында өтүп жаткан паратриатлон боюнча дүйнө чемпионатынан кубанычтуу кабар келди. Дүйнөлүк таймашууда Кыргызстандын намысын коргоп жатат Гүлназ бардык атаандаштарын жеңип, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Паратриатлон эң татаал, абдан түйшүктүү спорт түрү. Мында майып спортчу 120 километрге велосипед менен жарышка катышып, 30 километр чуркап жана 3 километр сууда сүзөт. Албетте, веложарыш менен жөө чуркоодо анын өнөктөшү жанында коштоп жүрөт. Ал эми сууда сүзүүдө өзү жалгыз жарышка катышат. Мында ушундай татаал, түйшүктүү спорт түрү менен Гүлназ беш-алты жылдай убакыттан бери эл аралык спорттук мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, дүйнөлүк аренада жеңиштерге жетишип келеатат. Гүлназдын жолдошу Жалалдин Абдувалиев да азиздер арасында паратриатлон боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Кечээ Абу-Дабидеги дүйнө чемпионатында марага экинчи келип, күмүш байгелүү болду. Гүлназ менен Жамалдин үчүн дагы бир кош кубанычтуу окуя болуп, алардын шакирти Дастан Камчыбеков эркектер арасында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды.
Ошондой эле Гүлназ майып спортчулар арасында дагы жеңил атлетика менен да машыгат. 2025-жылы Дүйнө кубогунда коло медаль жеңип алып, Азия чемпиону аталган. 2026-жылдын 8-ноябрында Чилиде өткөн паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунун этабында дагы бир жолу чемпион аталып, Кыргызстандын спорт тарыхындагы өзгөчө ийгиликтердин, бийиктиктерине бирине жетишти. Ал паратриатлон боюнча Азиянын чемпиону. Ошондой эле жакында эле октябрь айында Жапониянын Айти жана Нагоя шаарында өткөн Пара Азия оюндарында 1500 метрге чуркоодо марага төртүнчү болуп келип, коло медалга аз секунд гана жетпей калды.
Бирок анын эң чоң жеңиши спорт тармагында гана эмес. Анын эң чоң жеңиши жана ийгилиги — үмүтүн жоготуп, төрт дубалдын ичинде жашоого көнүп калган адамдарга: «Силер да эл катары жашай аласыңар! Окуй аласыңар! Иштей аласыңар! Спорт менен машыгып, дүйнөнү кыдырып, өз кыялыңарды ишке ашыра аласыңар!» — деп ишенимдүү айтып, аларга жол көрсөтүп, шыктандырып, жашоого үмүт берип, өзү үлгү, өрнөк болуп келатканында.
Тагдырдын сыноосуна моюн сунбаган өжөр кыз
Гүлназдын өмүр баянына көз чаптырганда, анын эрктүү мүнөзү, алдыга бийик максаттарды койгону бала кезинен эле калыптанганын байкайбыз.
Ал 1983-жылы 12-октябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында жарык дүйнөгө келген. Төрт бир туугандын экинчиси. Агасы жана өзүнөн кийин эки иниси бар. Атасы Бектемирдин эрке кызы. Апасы Алмагүл мектепте мугалим болуп, агартуу тармагынын ардагери. Гүлназ үч жашка чыкканда ата-энеси кызынын көзү начар көрүп жатканын байкашкан. Жанындагы оюнчуктарды таппай, жакын турган буюмдарды көрө албай кыйналган кызын дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Медициналык текшерүүлөрдөн кийин жогорку деңгээлдеги миопия жана көздүн торчосунун пигменттик дегенерациясы деген диагноз коюлган. Көрүүсү бара-бара начарлай турганы белгилүү болгон. Бул кабар ата-эне үчүн оор сокку эле. Бирок алар кызынын келечегине чекит коюп, аны башкалардан бөлүп кароону каалашкан эмес.
Гүлназ кадимки Дархан айылындагы мектепте окуган. Көрүүсү начар экенин билсе да, өзүн башкалардан кем сезгиси келген эмес. Мугалимдер аны алдыңкы партага отургузушчу. Бирок ал жерден деле тактадагы жазууларды көрө алчу эмес. Дептериндеги сызыктарды айырмалоо да кыйынга турган. Ошентсе да ал окуудан баш тартпай билим алууга умтулган. Сабактын материалдарын алдын ала жаттап, ар бир темага даярданып барчу. Мектепти эң жакшы баалар менен аяктоого аракеттенген.
«Мен өзүмдү башкалардан айырмалагым келген эмес. Көрбөй жатканымды жашырып, баары сыяктуу болгум келчү», — деген маанидеги эскерүүлөрү анын ошол кездеги ички дүйнөсүн ачып турат.
Анын ата-энеси кызына ашыкча боор ооруп, бардык нерседен чектеп, коомчулуктан бөлүп койгон эмес. Тескерисинче, үй жумуштарын бирге аткарып, өз алдынчалыкка тарбиялашкан. Бул таалим-тарбия кийин Гүлназдын турмушунда чечүүчү мааниге ээ болду.
Балалык кыялдары да чоң, бийик эле. Адегенде адвокат, кийин дипломат болууну самаган. География сабагын жакшы көрүп, дүйнөнүн картасын баамдап, өлкөлөрдү, континенттерди үйрөнчү. Дүйнөнү кыдырууну, чет өлкөлөргө барууну кыялданчу. Бирок көрүүсүнүн начардыгынан улам бул тилектер ишке ашпай тургандай сезилчү. Ошентсе да анын жүрөгүндөгү дүйнөгө, билимге болгон кызыгуу өчкөн эмес.
Билимге болгон умтулуу — ийгиликке карай алгачкы кадам
Мектепти аяктаган соң Гүлназ жогорку билим алууну каалады. Бирок ата-энеси анын шаарда жалгыз жашап, окууга барып-келүүсүнө тынчсызданып, кабатыр болушкан. Көпчүлүк аны бул ниетинен кайтарууга, айнытууга аракет кылган. «Көрбөсөң, кантип окуйсуң? Кантип университетке барасың?» деген суроолорду бергендер да болгон.
Бирок Гүлназдын жообу чечкиндүү эле: «Мен да окугум, билим алгым келет!»
Кийинки жылы Каракол шаарындагы Москва ишкердик жана укук институтунун филиалына чет тилдер факультетине тапшырат. Ата-энеси кызынын билим алуусу үчүн колунда болгон мал-мүлкүн сатып, шаардан батир алып беришет. Атасы кызы менен кошо жашап, окууга жеткирип турууну да ойлоп, колдоого алган. Гүлназ англис тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болуу үчүн аракет кылып окуй баштайт. Бирок студенттик жылдар ал үчүн жеңил болгон жок. Китептерди окуу, конспект жазуу, сабакка даярдануу чоң күчтү, мээнетти талап кылды. Кээде курсташ кыздары ага китептерди үн чыгарып окуп берип, материалдарды түшүнүүгө жардам беришчү. Үчүнчү курска келгенде чарчоо, баш оору жана көрүүсүнүн начардыгынан улам окуусун таштоону да ойлогон. Бирок ошол кезде мурда ага ишенбеген адамдардын айрымдары тескерисинче, колдоо көрсөтүп, окуусун улантууга үндөшкөн.
Акыры Гүлназ кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга багынган жок. Жогорку билим алып, англис тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болду. Бул — анын жашоосундагы алгачкы чоң жеңиштердин бири эле. Бирок диплом алуу менен бардык тоскоолдуктар артта калбайт экен. Мектепте мугалим болуп иштегенде окуучулардын дептерлерин текшерүү, журнал толтуруу, сабактын документтерин жүргүзүү кыйынчылык жаратты. Көрүүсү начар адам үчүн мындай иштерди аткаруу оңой эмес болчу. Ошондо ал дагы бир нерсени түшүндү: адамга билим берүү менен катар ошол билимди пайдаланууга шарт түзүү да зарыл экен.
Кийинчерээк компьютердик технологиялар, үн программалары жана Брайль арибин үйрөнүү анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Англис тилин билүүсү болсо эл аралык дүйнөгө жол ачты.
Чет өлкөлөрдөн үйрөнгөн тажрыйба
Гүлназдын коомдук ишмер катары калыптанышында чет өлкөлөрдөгү тажрыйбанын өзгөчө орду бар. Алгач башка азиз адамдар менен таанышып, алардын жашоосуна байкоо жүргүзгөндө, өзүндөй адамдардын дүйнөдө ар кандай кесиптерди аркалап, билим алып, саякаттап, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөнүн билди.
2007-жылы Индияга барып, азиз адамдар катышкан семинарга катышат. Бул сапар анын дүйнө таанымын өзгөрткөн маанилүү окуялардын бири болду. Андан кийин Швейцарияга барып, эл аралык тажрыйба менен таанышып, билимин тереңдетип, тажрыйба топтоп келди.
2012-жылы АКШда атайын окутуу программаларына катышып, азиз адамдардын өз алдынча жашоосуна багытталган ыкмаларды үйрөндү. Ал жерде ак таяк менен жүрүү, коомдук жайларда багыт алуу, үй тиричилигин өз алдынча жүргүзүү, компьютерди үн программалары аркылуу пайдалануу сыяктуу көндүмдөргө өзгөчө көңүл бурулган.
Гүлназ үчүн бул жаңы дүйнөнүн эшигин ачкан тажрыйба болду. Ал АКШ, Индия, Жапония, Болгария, Малайзия, Индонезия жана башка чет өлкөлөрдөн билим алып, тажрыйба топтоп Кыргызстанга кайтып келгенде бир максатты алдына койду. Чет өлкөлөрдө үйрөнгөн тажрыйбаны мекендештерине жеткирип, өзү сыяктуу көзү азиз адамдарга үмүт, жардам берүүнү тилек кылды. Ошол мезгилде Кыргызстанда ак таяк менен көчөдө жүргөн азиз адамдарды сейрек кездештирүүгө болор эле. Көпчүлүгү үйүнөн жалгыз чыгууга, коомдук транспортко түшүүгө, өз алдынча соода кылууга, башка адамдар менен эркин баарлашууга ишенишчү эмес. Гүлназ аларды аяп отурбастан, өз алдынча жашоого үйрөтүүнү чечти.
2012-жылдан тартып азиз адамдарды реабилитация кылып, жардам берүүчү борбор ачып, ак таяк менен багыт алууга, шаар ичинде өз алдынча жүрүүгө үйрөтө баштады. Кийин англис тилин Брайль арибинде окутуу, компьютердик жана экономикалык сабаттуулук, күнүмдүк турмуштук көндүмдөр боюнча да сабактарды уюштурду.
2017-жылы анын демилгеси менен Кыргызстандын Азиздер федерациясы түзүлдү. Ушундайча бир кезде өзү жардамга муктаж болгон кыз жүздөгөн адамдарга үмүт жандырып, жашоого, жеңиштерге шыктандырган коомдук ишмерге айланды.
Федерациянын ишмердигинин негизги максаты — азиз адамдарды коомго интеграциялоо, алардын билим алуусуна, кесип тандоосуна, ишке орношуусуна, спорт менен машыгуусуна жана өз алдынча жашоосуна шарт түзүү болуп саналат.
«Башкача жашоого аракет кыл» («Начни жить иначе») долбоорунун алкагында көптөгөн адамдар алты айлык окуу программаларынан өтүштү. Алар шаар ичинде өз алдынча жүрүүнү, тамак жасоону, үй тиричилигин жүргүзүүнү, Брайль арибинде китеп окууну, компьютерди пайдаланууну үйрөнүштү. Эң негизгиси, өздөрүнө болгон ишенимин калыбына келтирип, алдыга максат коюп, жашоого болгон үмүтү жанды. Мурда үйүнөн жалгыз чыгууга батынбаган адамдар кийин окуп билим алышып, жумушка орношуп, үй-бүлө куруп, балалуу болуп, өз алдынча кадимкидей эл катары жашоого өтүштү.
Федерациянын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында байланыш борборлорунда, банктарда, ресторандарда жана башка мекемелерде иштегендер бар. Айрымдары жеке ишкерликке да кадам таштап, чакан бизнес кылып, ийгилик жаратууда.
Бул жерде Гүлназ Бектемировнанын коомдук ишмердигинин эң маанилүү сабагы, өрнөгү жатат. Негизи адамдын мүмкүнчүлүгү анын майыптыгына карап эмес, билими, жөндөмү жана эмгекке болгон даярдыгы аркылуу бааланышы керек.
Азиз адам да тил үйрөнө алат. Заманбап компьютер менен иштей алат. Эл аралык долбоорлорго катышып, жан-дүйнөсүнө жаккан кесип өздөштүрүп, ишкерлик менен алектене алат. Өз алдынча киреше таап, коомдун толук кандуу мүчөсү боло алат.
Мындай мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн адамдын өзүнүн аракети менен катар коомдун колдоосу, жеткиликтүү билим берүү, иш берүүчүлөрдүн түшүнүгү жана ыңгайлуу инфраструктура зарыл. Гүлназ дал ушул багытта көп жылдан бери иштеп келет. Өзү дагы алган билимин тереңдетип, Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинде бизнести башкаруу жана уюштуруу, менеджмент боюнча магистратурада окуп жатат.
Анын эмгеги, мээнети эл аралык деңгээлде да бааланды. Улуу Британиянын BBC маалымат жана медиа компаниясы аны дүйнөдөгү 100 шыктандыруучу жана таасирдүү аялдын катарына киргизген. Бул сыймыктуу баа анын жеке ийгилигин гана эмес, Кыргызстандагы азиз адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө тааныткан окуя болду.
Спорт — жаңы жашоонун, жаңы жеңиштердин мектеби
Гүлназдын өмүр жолунда спорт өзгөчө орунду ээлейт. Ал азиз адамдарды өз алдынча жашоого үйрөтүү менен гана чектелбестен, алардын ден соолугун чыңдоо, физикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жана спорт аркылуу коомго аралашуусуна шарт түзүү зарылдыгын эрте түшүнгөн.
Алгач бул ишке, демилгеге ишенбегендер көп болгон. Көрүүсү начар адамдар кантип чуркайт? Кантип велосипед тебет? Кантип сууда сүзөт? Кантип профессионалдык спорт менен машыгат? деген суроолор жаралчу.
Гүлназ болсо спорт менен машыгууну өзү баштап, башкаларга үлгү, өрнөк көрсөттү.
Анын демилгеси менен Кыргызстандын азиздер спорт коомдук бирикмеси негизделип, бул бирикменин аткаруучу директору болуп саналат. Гүлназ менен бирге азиз адамдар чуркоо, сууда сүзүү, велосипед тебүү жана башка физикалык көнүгүүлөрдү өздөштүрө баштаган. Кыргызда “жандоочу кийик аттырат” дегендей көрүүсү начар спортчулар көрүү мүмкүнчүлүгү бар өнөктөштөрү менен тандемде машыгышты. Алар чуркоо жана велосипед тебүүдө коштоп жүрүшөт. Бирок, ошол өнөктөшү дагы мыкты спортчу болсо гана ийгиликтерди камсыз кылууга дем бермекчи…
Бул иштердин жүрүшүндө паратриатлон багытына өзгөчө көңүл бурулду.
Гүлназдын спорттук жолунда спорттун заманбап түрү боюнча Азиянын көп жолку чемпиону, эл аралык спорт чебери, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучусу Андрей Ханадеевдин жана Кыргызстандын триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алкановдун салымы чоң. Андрей паратриатлеттерди даярдоого макул болуп, алар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн өздөштүрдү. Анын жетекчилиги астында майып спортчулар системалуу машыгып, эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып келүүдө.
Гүлназдын өмүрлүк жары, паратриатлетчи жана жеңил атлетика боюнча спорт чебери Жалалдин Абдувалиев да анын спорттук жолундагы жакын колдоочусу жана пикирлеш өнөктөшү болуп келет. Жалалдиндин өзү да спорттун кыйынчылыгын, машыгуунун түйшүгүн, жеңишке жетүү үчүн талап кылынган чыдамкайлыкты, түмөн түйшүктү жакшы билет. Экөөнүн ортосундагы түшүнүшүү, бири-бирине болгон ишеним жана спортко болгон берилгендик үй-бүлөлүк жашоосунун да маанилүү бөлүгүнө айланган.
Гүлназ менен Жалалдиндин мисалы — спорт адамды бириктирип, бири-бирине күч-кубат берип, бир максатка умтулууга, жеңиштерге жетүүнүн далили.
Гүлназ жеңил атлетика жана паратриатлон боюнча машыгып, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, Парижде өткөн 2024-жылкы Паралимпиадага жолдомо алган кыргызстандык спортчунун бири болду. Бул анын көп жылдык эмгегинин жана спортко болгон берилгендигинин маанилүү натыйжасы эле. Бирок Парижге жолдомо алып, паралимпиадага катышуу менен анын максаты аяктаган жок. Тескерисинче, жаңы бийиктиктерге умтулуу күчөдү.
2025-жылы Дүйнө кубогунда алтын медаль жеңип алышы анын эл аралык аренадагы мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу көрсөттү. Ал эми 2026-жылдын 8-ноябрында Чилиде өткөн паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунун этабында Гүлназ Жүзбаева дагы бир ирет жеңишке жетишип, марага биринчи келип, алтын медаль тагынды.
Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ал көрүүсү начар спортчулар катышкан PTVI Women категориясында күч сынашып, эң мыкты убакыт көрсөтүп, биринчи орунду ээледи. Гүлназ дүйнөдөгү эң мыкты паратриатлон боюнча 10 мыкты спортчунун катарына кошулду.
Бул — жөн гана спорттук ийгилик эмес. Бул — Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада көтөргөн, көп жылдык эмгектин үзүрүн көрсөткөн жеңиш! Бир кезде азиз адамдарды көчөгө чыгууга, өз алдынча басууга үйрөткөн Гүлназ бүгүн дүйнөлүк спорттук мелдештердин жеңүүчүсү болуп отурат.
Анын жеңиши дагы бир жолу далилдеди: спортто адамдын мүмкүнчүлүгүн анын көзүнүн көргөнү эмес, машыгуусу, эрки, чыдамкайлыгы жана максаты аныктайт.
Эне жүрөгү жана үй-бүлөнүн жылуулугу
Гүлназдын өмүр жолунда спорттук жеңиштер менен коомдук ишмердиктен тышкары, дагы бир өзгөчө дүйнө бар. Ал — үй-бүлөсү. Анын уулу Умар быйыл беш жашка чыкты. Азыр ал ата-энесине кол кабыш кылып, күнүмдүк турмушта жардам бере баштады. Ата-энесинин тең көрүүсү начар экенин түшүнгөн наристе өзүнүн жашына жараша алардын жанында болуп, жардам берүүгө аракеттенип жатканы кубандырат. Албетте, ал али кичинекей бала. Бирок ата-энесинин ага болгон мээрими, камкордугу үй-бүлөдөгү өзгөчө жылуулукту айгинелейт. Бул жерде дагы бир терең ой бар. Кээде биз балдарга жашоонун маанисин сөз менен түшүндүрүүгө аракеттенебиз. Бирок алар үчүн ата-энесинин күнүмдүк жашоосу, эмгеги, бири-бирине болгон мамилеси эң чоң тарбия мектеби болуп саналат.
Умар апасынын машыгуусун, жеңиштерин, адамдарга жардам берип жүргөнүн көрүп өсүүдө. Атасы Жалалдиндин да спортчу экенин, өз максаттарына умтулуп жашаганын сезип чоңоюп жатат. Келечекте бул бала ата-энесинин эрдигин, эмгегин, жашоого болгон ишенимин өзүнүн эң чоң турмуштук сабагы катары кабыл аларына шек жок.
Гүлназ үчүн эне болуу — спорттук карьерасына тоскоолдук эмес. Тескерисинче, уулунун келечеги, үй-бүлөсүнүн бактысы ага жаңы күч, жаңы дем берип турат. Анткени ар бир жеңиштин артында жакындарынын колдоосу, үй-бүлөнүн ишеними жана адамдын жүрөгүндөгү чоң жоопкерчилик турат.
Кийинки максат — Лос-Анжелес жана жаңы дүйнөлүк бийиктиктер
Жеңишке жеткен адамдын алдына жаңы максаттар коюлуп, бийиктиктерге шыктануу жаралат. Гүлназ да бүгүнкү ийгиликтер менен токтоп калууну ойлобойт. Анын кийинки чоң максаты — 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Паралимпиадалык оюндарга жолдомо алып, катышып, байгелүү орунга ээ болуу. Ошондой эле алдыдагы жылдары Дүйнө кубокторуна, Азия, дүйнө чемпионаттарына катышып, эл аралык аренадагы ийгиликтерин улантууну көздөп, машыгууда. Бул максатка жетүү үчүн аны алдыда дагы көп машыгуулар, эл аралык мелдештер, даярдык жыйындары жана талыкпаган эмгек, түмөн түйшүк күтүп турат.
Бирок Гүлназ мындай жолдун кандай болорун, татаалдыгын жакшы билет. Анткени анын ар бир ийгилигинин артында көп жылдык мээнет, өзүн жеңүү, кыйынчылыктарды артка калтыруу тажрыйбасы бар. Анын машыктыруучусу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги, өмүрлүк жары Жалалдин Абдувалиевдин колдоосу жана өзүнүн тынымсыз эмгеги жаңы бийиктиктерге жетүүгө негиз болуп берет.
Ошол эле учурда Гүлназ спорттук даярдык менен гана чектелбейт. Ал азиз адамдарды окутуп, өз алдынча жашоого, кесип үйрөнүүгө, иштөөгө жана өз ишин баштоого үйрөтүп келет. Өзгөчө жаш кыздарды спортко тартууга, аларды чуркоого машыктырууга көңүл бурууда. Бул иштин мааниси өтө чоң. Анткени жаш кыздын спортко келиши — анын ден соолугун чыңдоосу гана эмес. Бул анын өзүнө болгон ишенимин арттырып, коркуу сезимин жеңип, коомдо өз ордун табуусуна жасалган кадам.
Бүгүн Гүлназдын жанында чуркоону үйрөнүп жаткан кыздардын бири эртең эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын туусун көтөрүп чыгышы мүмкүн. Эң негизгиси, алардын жүрөгүндө «мен да жасай алам» деген ишеним пайда болушу керек. Гүлназ өзү дал ушундай ишенимдин күчү менен бүгүнкү бийиктикке жетти.
Коомго жана мамлекеттик жетекчилерге кайрылуу: боор ооруу эмес, мүмкүнчүлүк берүү зарыл
Гүлназ Жүзбаеванын өмүр жолун баяндап жатып, бир маанилүү маселени четтеп өтүүгө болбойт. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алуусу, кесипке ээ болушу, ишке орношуусу, спорт менен машыгуусу жана коомдук турмушка аралашуусу үчүн дагы көп иштер жасалышы керек.
Кээде коомдо майыптыгы бар адамдарга боор ооруу менен мамиле кылып, аларды дайыма бирөөнүн жардамына муктаж адамдар катары кабыл алуу көрүнүшү кездешет. Бирок мындай мамиле алардын ички мүмкүнчүлүктөрүн ачууга дайыма эле жардам бере бербейт.
Адамга жардам берүү — анын ордуна бардык нерсени жасап берүү эмес. Ага өз алдынча жашоону үйрөтүү, билим алууга шарт түзүү, кесип тандоосуна көмөктөшүү, иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү жана өз алдынча чечим кабыл алуусуна ишенүү.
Гүлназдын ишмердиги дал ушул принципке негизделген. Ал азиз адамдарга жөн гана ак таяк карматкан жок. Аларга өз алдынча басууну, коомдук жайларда жүрүүнү, окууну, компьютерди пайдаланууну, тил үйрөнүүнү, жумуш табууну жана спорт менен машыгууну үйрөттү.
Эң башкысы, аларга өздөрүнүн да коомго керектүү, пайдалуу жана ийгиликтүү инсан боло аларын түшүндүрдү. Бул иштерди мындан ары да кеңейтүү зарыл. Мектептерде, жогорку окуу жайларында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү, иш берүүчүлөргө ылайыктуу шарттарды түзүү, спорттук объектилерди бардык адамдар үчүн жеткиликтүү кылуу — коомдук милдет. Майып спортчулар үчүн атайын даярдык көрүүчү спорттук борбор ачууну да максат кылып жүрөт. Бул демилгени мамлекет колдоого алып, майып спортчуларга камкордук көрүп, алардын укуктарын коргоо, билим берүүгө, иш менен камсыз кылуу багытында жана Паралимпиада комитетинин ишмердигин жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорлорун түзүү зарыл.
Өзгөчө айыл жерлеринде жашаган азиз жана башка майыптыгы бар адамдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени алардын арасында да билим алууну, иштөөнү, спорт менен машыгууну каалагандар көп. Болгону аларга мүмкүнчүлүк, багыт жана ишеним зарыл.
Гүлназдын тажрыйбасы көрсөткөндөй, туура уюштурулган окутуу жана реабилитациялык программалар адамдын жашоосун түп-тамырынан өзгөртө алат.
Ал эми спорт бул адамдар үчүн өзүнчө бир жаңы дүйнө, зор мүмкүнчүлүк. Чуркоо, сууда сүзүү, велосипед тебүү, паратриатлон менен машыгуу — булардын баары ден соолукту чыңдоо менен катар адамдын өзүнө болгон ишенимин бекемдейт.
Мындай адамдарга шарт түзүү — алардын гана эмес, бүтүндөй коомдун утушу жана мамлекеттин милдети!
Үмүт жана ишеним жандырган – АК ТАЯК
Гүлназ Жүзбаеванын өмүр жолуна дагы бир ирет көз чаптырганда, бир нерсеге ынанасың: адамдын жашоосундагы эң чоң тоскоолдук дайыма эле ден соолугундагы өзгөчөлүк эмес. Кээде анын жолун өзүнө болгон ишенимсиздик, коомдун түшүнбөстүгү, мүмкүнчүлүк бербеген шарттар жана айланадагылардын «сенин колуңдан келбейт» деген сөздөрү тосуп, ишенимин жоготуп, үмүтүн өчүрүп салат.
Гүлназ ошол тоскоолдуктардын баарын жеңүүгө аракет кылды. Алгач өзү билим алды. Андан кийин дүйнөнү тааныды. Чет өлкөлөргө чыгып, тил үйрөндү, эл аралык долбоорлорго катышты. АКШдан алган тажрыйбасын Кыргызстанга алып келди. Азиз адамдарды өз алдынча жашоого үйрөттү. Алардын арасында жумушка орношкондор, үй-бүлө кургандар, балалуу болгондор, спорттун ар кандай түрлөрү менен машыккандар көбөйдү.
Кийин өзү да профессионалдык спортко келип, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргой баштады. Париж Паралимпиадасына жолдомо алды. Дүйнө, Азия чемпионаттарында, дүйнө кубокторунда алтын медалдарга жетишти. Мына ушунун баары бир адамдын жеке тагдырынан башталып, коомдук мааниси чоң кыймылга айланган эмгектин натыйжасы.
Анын тарыхында дагы бир өзгөчө символ бар. Ал майыптарга үмүт, ишеним жараткан, жол көрсөткөн-Ак таяк.
Көпчүлүк үчүн ак таяк азиздиктин белгиси болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок Гүлназдын өмүр жолунда ал эркиндиктин, өз алдынчалыктын жана жаңы жашоонун символуна айланды. Бир кезде ак таяк менен көчөгө чыгууга уялган адамдар бүгүн шаар ичинде өз алдынча басып, коомдук жайларга барып, иштеп, билим алып, спорттук мелдештерге катышып жатышат.
Гүлназ аларга жол көрсөттү. Бирок ошол жолдо басып өтүү ар бир адамдын өз эркине, аракетине жана чечкиндүүлүгүнө байланыштуу экенин да далилдеди.
Бүгүн Чилиде, Абу-Дабиде дүйнөлүк мелдештин жеңүүчүсү болуп, алтын медалды мойнуна тагынган Гүлназ эртең Лос-Анжелестеги Паралимпиадалык оюндарда Кыргызстандын туусун көтөрүүнү максат кылууда. Анын кыялы — жаңы жеңиштер, жаңы рекорддор жана байгелүү орундар. Ошол эле учурда ал жаш азиз кыздарды чуркоого үйрөтүп, башкалардын да өз кыялдарына жетишине көмөктөшүп келет. 16 жаштан өйдөкү 14-15 азиз улан-кыздарды жана жаштарды 6 ай окутуп, ишеним отун жандырып, өз алдынча жашоо көнүмдөрүм үйрөтүп, улам жаңы топко билим берүүдө.
Менимче, Гүлназдын эң чоң байлыгы да, эң бийик жеңиши да ушунда. Анткени өзүңдүн жеңишиң — жеке кубаныч. Ал эми жүздөгөн адамдарга жашоого болгон ишенимин кайтаруу — коомдук жеңиш.
Гүлназдын өмүрү жолу, ишмедиги бизге бир чындыкты эске салат: адамдын көзү дүйнөнүн кооздугун көрбөй калышы мүмкүн, бирок анын жүрөгү үмүттү көрүп, акылы келечекти таанып, эрки эң бийик чокуларды багынта алат. Демек, эч ким өз тагдырына алдын ала чекит койбошу керек. Эч ким өзүн коомго керексиз сезбеши керек. Эч ким кыялына жетүүгө кеч калды деп ойлобошу керек.
Көрбөгөн адам да дүйнөнү тааный алат. Басууга кыйналган адам да спорт менен машыгып, жеңиштеге жете алат. Майыптыгы бар адам да кесиптин ээси, ишкер, илимпоз, мугалим, ашпозчу, спортчу жана башка кесиптин ээси боло алат.
Бул үчүн эң оболу өзүнө ишенүү, андан кийин билим алуу, аракеттенүү жана мүмкүнчүлүктөрдү издөө зарыл.
Гүлназ Жүзбаева — ушундай ишенимдин жандуу үлгүсү. Анын ак таяк менен башталган жолу бүгүн дүйнөлүк спорт аренасына чейин жетти. Ал эми ошол жолдун уландысында дагы канчалаган жаштардын кыялы, үмүтү жана келечеги турат.
Көздүн көрбөгөнү — жашоонун көркү жок дегендик эмес. Жүрөктө үмүт, акылда максат, көкүрөктө кайрат болсо, адам эң бийик чокуларды да багындыра алат!
Гүлназ сен Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, Лос-Анжелес паралимпиадасында байгелүү орунга жете аласың! Сени кыргыз эли сүрөөнгө алып, жеңиштерге шыктандырат! Тилектериң кабыл болсун!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы