ОШТУДА ЭКОЛОГИЯЛЫК ФОРУМ ӨТТҮ
- 23.11.2026
- 0
Ош технологиялык университетинде “Туруктуу шаар – коопсуз чөйрө: экологиялык демилгелер жана инновациялык чечимдер” аттуу илимий-практикалык форум болуп өттү.
Иш-чара ОшТУнун Технология жана жаратылышты пайдалануу институту, «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» коомдук бирикмеси жана университеттин тиешелүү кафедраларынын катышуусунда уюштурулду.
Форумдун негизги максаты — Ош шаарынын жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, шаардык чөйрөнүн туруктуулугун жогорулатуу боюнча илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын талкуулоо, инновациялык технологияларды жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу болду.
Мындан сырткары, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, шаардык жашыл инфраструктураны өнүктүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык тобокелдиктерди азайтуу багытында илимий коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин, өндүрүш секторунун жана жарандык коомдун өз ара кызматташтыгын чыңдоо маселелери каралды.
Форумдун расмий ачылышында ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Эрнисбек Алайчиев, Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун директору, Зулумкан Тешебаева жана чакырылган өкүлдөр куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу шаардык чөйрөнү калыптандырууда илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү мекемелеринин жана коомдук демилгелердин маанисин белгилешти.
Форумдун алкагында экология, шаардык экосистемалар, техногендик тобокелдиктер, климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине арналган илимий баяндамалар сунушталды. Атап айтканда, Ош шаарынын урбоэкосистемасындагы көп жылдык бак-дарактардын абалына экологиялык баа берүү, техногендик тобокелдиктер жана аларды чечүү жолдору, климаттын өзгөрүшүнө шартында жашыл экосистемалардын туруктуулугун сактоо, жеңил өнөр жайындагы кездеме калдыктарын кайра иштетүү жана шаарды көрктөндүрүүдө табигый таштан жасалган кичи архитектуралык-ландшафтык формаларды колдонуу темалары талкууланды.
Ошондой эле катышуучулар экология, климат жана туруктуу өнүгүү боюнча интерактивдүү викторинага катышып, өз билимдерин сынашты. Форумдун жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган экологиялык видеороликтер жана экобуклеттер тааныштырылып, мыкты конкурстук иштерге баа берилди.
Иш-чаранын соңунда викторинанын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылып, мыкты конкурстук иштердин авторлору сыйланды. Форум катышуучулары экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашкан жана туруктуу шаардык чөйрөнү калыптандыруу багытында илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу, практикалык чечимдерди аныктоо боюнча пикир алмашышты.





ОшТУнун басма сөз кызматы.