ЖАШТАРДЫН ДЕМИЛГЕЛЕРИН КОЛДОО КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
- 14.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде «Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Маалыматка таянсак, салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктады жана аларга ийгиликтерди каалады. Өз сөзүндө ал жаштардын демилгелерин мамлекет тарабынан колдоо өлкөнүн келечегине салынган инвестиция экенин белгилеп, жеңүүчүлөргө гранттык сертификаттарды тапшырды.



Эске салсак, конкурстук комиссиянын чечими 2026-жылдын 11-июлунда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тандалып алынган 10 мыкты долбоордун авторлоруна бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада 200 000 сомго чейинки каржылык колдоо көрсөтүү боюнча сертификаттар тапшырылды.
Конкурстун максаты – жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттыруу, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөө, интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга көмөктөшүү.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси (аты-жөнү жана долбоорунун аталышы):
- Мейлишов Бегалы – «Fulcrum» фестиваль-кароо-сынагы;
- Камил уулу Артур – «Bilimai.kg» кароо-сынагы;
- Убайдуллаева Жумакан Каныбековна – «БАЛДАР ДҮЙНӨСҮ» балдардын чакан куурчак театры;
- Эсенбекова Адеми – «Алтын уюк» бал өндүрүү долбоору;
- Кабылбек уулу Жылдызбек – «Житит жолу»;
- Алия Достаналиева – «100 лучших волонтеров Кыргызстана»;
- Масалбеков Нуркалый Исланбекович – «Учителя будущего Кыргызстана»;
- Матисаева Айана Улукбековна – «2026 Boys for Boys» лагери;
- Баянов Рамис Урматович – «Ата Мекен Баатырлары» (2021–2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу кагылышууларда курман болгон жоокерлер тууралуу тарыхый-даректүү китепти даярдоо жана басып чыгаруу);
- Ашымов Кубанычбек Темиркулович – «Жаш акын» кароо-сынагы.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер