ЖАШТАР ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГООГО ТАРБИЯЛАНАТ

  • 21.10.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык, радиациялык коопсуздукту камсыздоо” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ЖАШТАР ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГООГО ТАРБИЯЛАНАТ

Иш-чара  Ош шаарындагы «Орхус» борбору жана бир топ бөлүмдөр тарабынан уюштурулуп,  атайын белгиленген “Экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Анын негизги максаты Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринин ортосундагы ынтымакты бекемдеп, кызматташууну жөнгө салуу менен алардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, курчап турган дүйнөнү коргоого тарбиялоо болуп саналат.

Конференцияга табият таануу жана география факультетинин студенттери активдүү катышып, өз дилгирлигин көрсөтө алышты. Анын катарында  пленардык отурумда эң мыкты баяндама жасаган  Нуржамила Эрнис кызы 1-орунга ээ болуп, атайын  диплом жана китептер менен сыйланды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер