“ЖАШТАР КЭМП” КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

  • 17.11.2018
  • 0

К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “Жаштар кемп” республикалык конференциясы өтүп, жаштар маселелери талкууга алынып, бир катар көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору каралды.

“ЖАШТАР КЭМП” КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Андан сырткары улуу жана кенже муун ортосундагы мамилелер, гендердик саясат, спорт менен сергек жашоо ыңгайы жана башка маселелер да талкууланды. Иш-чаранын алкагында жаштардын ишкердикте, билим берүү тармагында жана башка багыттар боюнча демилгелеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын жаштар лидерлери, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жаштар уюмдары, бир катар жаштар бирикмелери, жаштар кыймылына жана демилгелерине көмөктөшкөн уюм-мекемелер катышышты.

  • Жалпысынан конференция жаштардын аракеттерин бириктирүүдө өзүнүн максатына жетти десек боло. Көптөгөн керектүү сунуштар эске алынып, аларды чечүү жолдору аныкталды. Конференциянын уюштуруучулары жана катышуучулары ЭАУ ректоратына жаштардын аталган иш-чарасына өз аянттарын сунуштагандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти, — деп жазылат окуу жайдын Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматынын маалыматында.

“Youth of Osh” коомдук бирикмеси, Швейцариялык “Helvetas” эл аралык корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитет, ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети жана бир катар башка уюм-мекемелер конференциянын уюштуруучулары болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер