ЖАШТАР АРАСЫНДА 52-ЭЛ АРАЛЫК ЭПИСТОЛЯРДЫК ЖАНРДАГЫ ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ

  • 17.02.2023
  • 0

ЖАШТАР АРАСЫНДА 52-ЭЛ АРАЛЫК ЭПИСТОЛЯРДЫК ЖАНРДАГЫ  ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому жана

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

Жаштар арасында 52-эл аралык эпистолярдык жанрдагы
дилбаяндар сынагын өткөрүү жөнүндө

БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУГУ

2023-ж. “____”________№______________

Жаштардын жазуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтүү, сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу, оюн көркөмдөп берүүгө көмөк көрсөтүү, алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу жана Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын өткөрүү максатында буйрук кылабыз:

  1. 2023-жылдын 15-февралынан 7-апрелине чейин “Сиз супербаатыр экениңизди жана Сиздин миссияңыз – дүйнө жүзү боюнча бардык жолдорду балдар үчүн коопсуз кылуу экендигин элестетиңиз. Сиздин миссияңызды ишке ашырууга жардам бере турган кандай супер жөндөмдүүлүктөр керек боло тургандыгы жөнүндө түшүндүрүп, кимдир бирөөгө кат жазыңыз” деген темада жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы өткөрүлсүн.
  2. Жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын өткөрүү үчүн Республикалык ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Сынакты өткөрүүнү уюштуруу, ошондой эле сынактын жыйынтыгын чыгаруу жоопкерчилиги жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
  4. Жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Иш-чаралар планы жана Жобосу 2, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  5. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун аймактык департаменттеринин, филиалдарынын жана Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматынын жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын катышуучуларынын тизмесинин отчету, заказдык каттардын реестри жана эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын жыйынтыктоочу формасы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  6. Атайын “Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун эл аралык конкурсу” («Международный конкурс ВПС») деген белгиси бар конверттердин отчетунун формасы 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  7. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун аймактык департаменттеринин директорлоруна, филиалдарынын жетекчилерине, Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматынын башчысына жана шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине:

— 2023-жылдын 15-февралына чейин райондук, шаардык деңгээлде жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын 1-этабын уюштуруу жана өткөрүү үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүү боюнча биргелешкен буйрук чыгарылсын жана буйруктун көчүрмөсү [email protected]; [email protected] электрондук даректерине жөнөтүлсүн;

— жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын уюштуруу жана өткөрүү боюнча бекитилген Жобого ылайык жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын 1-этабын уюштуруу жана өткөрүү, ушул буйруктун 4-пунктуна ылайык жыйынтыктарын чыгаруу жана белгиленген мөөнөттөрдө Республикалык ведомстволор аралык жумушчу комиссиясына берүү камсыз кылынсын.

  1. Шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери аталган иш чараны өткөрүүдө колдоо көрсөтүп, билим берүү уюмдарынын окуучуларына жаштар арасындагы эл аралык дилбаяндар сынагы жөнүндө толук маалыматты жеткирүүнү камсыздашсын.
  2. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун аймактык департаменттеринин директорлоруна, филиалдарынын жетекчилерине, Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматынын башчысына, жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын 1-этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун аймактык департаментинин, филиалынын жана Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматынын конверттерди сатуудан түшкөн кирешесинин өлчөмү 10000 (он миң) сомдон ашкан учурда же демөөрчүлөрдүн эсебинен ыйгарылсын.
  3. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Ю.И.Сафронова:

— жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты жарыялоо боюнча тиешелүүгүнө карата “Кут Билим” медиа борборунун жетекчилиги менен иштеп чыксын жана башка социалдык тармактарда чагылдырууну камсыздасын.

  1. “Кут Билим” медиа борборунун директору К.Чекиров:

— жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты “Кут Билим” басылмасынын кезектеги санына чагылдырсын жана жарыяласын.

  1. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому тарабынан өзүмө жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын министрдин орун басары Т.Ашымбаевага
    жүктөлсүн.

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

жана “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун

2023-ж. “___”______№______

2023-ж. “___”______№______

биргелешкен буйругу менен бекитилди

Жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын уюштуруу жана өткөрүү максатында Республикалык ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын курамы

Р.Ж.Абдиев – “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун башкармалыктын төрагасынын орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасы;

С.К.Умралиева – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары;

С.А.Акылбекова – “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык секторунун башчысы, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун уюштуруу комиссиясынын мүчөлөрү:

Д.С.Сейталиева – эл аралык өз ара эсептешүүлөр жана тарифтик саясат бөлүмүнүн эксперти;

Ч.Т.Абылашимова – социалдык төлөмдөр бөлүмүнүн эксперти;

С.Б.Шамаева – финансылык кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгынын эксперти;

Ж.Т.Кененбаева – эл аралык кызматташтык секторунун эксперти;

М.К.Рыспаева – почта коопсуздугу жана сапат бөлүмүнүн эксперти;

Г.Б.Токтоназарова – жалпы бөлүмүнүн эксперти;

А.Э.Шамбетова – почта кызматтары жана ички логистика бөлүмүнүн эксперти;

Э.Н. Керимканов – Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын менеджери;

Максатбек Абдуназар уулу – Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын менеджери;

Б.М. Шарипова – эл аралык кызматташтык секторунун эксперти;

Келишим менен:

К.А.Чекиров – “Кут Билим” медиа борборунун директору.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу комиссиясынын мүчөлөрү:

Б.Б.Рысбеков – Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башкы адиси;

С.Т.Омурканова – Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын адиси.

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун

2023-ж. “___”___________№__________

 

2023-ж. “___”___________№__________

биргелешкен буйругу менен бекитилди

“Сиз супербаатыр экениңизди жана Сиздин миссияңыз – дүйнө жүзү боюнча бардык жолдорду балдар үчүн коопсуз кылуу экендигин элестетиңиз. Сиздин миссияңызды ишке ашырууга жардам бере турган кандай супер жөндөмдүүлүктөр керек боло тургандыгы жөнүндө түшүндүрүп, кимдир бирөөгө кат жазыңыз” деген темадагы жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын уюштуруу жана өткөрүүнүн

ЖОБОСУ

  1. Максаты:

Жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен өткөрүлүүчү эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын максаты балдарга жана жаштарга багытталган:

— каттарды жазуу менен сабаттуулугун жогорулатуу;

— жаштарда өзүнүн оюн түзүү жана билдирүү жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүү;

— оюн көркөмдөп билдирүүгө көмөктөшүү;

— алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн чыгаруу;

— алардын тилдик көндүмдөрүн жакшыртуу;

— элдердин ортосундагы достукту чыңдоого көмөктөшүү;

— бүткүл дүйнөнүн таланттуу жаштарын бириктирүү;

— республиканын айылдык, райондук жана шаардык мектептердеги жаштардын көпчүлүгүн камтуу.

Дилбаяндын темасы логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, балдарга жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, инновациялык коммуникация технологиялары жаатындагы улуу ачылыштар жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк берет. Теманын багытында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгү, жол кыймылына катышкан балдардын өмүрү жана ден соолугунун артыкчылыктуулугу, жолдо тартипти өнүктүрүү, ошондой эле мектеп окуучуларынын ой-пикиринин маанилүүлүгүнө басым жасайт, бул ар бир өсүп келе жаткан индивид үчүн бир кыйла маанилүү.

Бул сынак биздин республика үчүн, баарынан мурда балдар үчүн мааниси чоӊ экендиги талашсыз.

  1. Катышуу:

Сынакка он беш жаштан жогору эмес жаштар катыша алат. Сынакка катышуучулардын каттары заказдык жол менен стандарттык, атайын “Бүткүл дүйнөлүк почта уюумунун эл аралык конкурсу” («Международный конкурс ВПС») деген белгиси бар конверттерде почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун тийиштүү филиалдарынын дарегине сынактын катышуучусунун атын, фамилиясын, жашаган жеринин дарегин, мектептин атын же номерин, телефондун номерин (электрондук почта дареги болгон учурда) толук көрсөтүү менен жөнөтүлүшү керек.

Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросу түздөн-түз окуу жайлардан же айрым жактардан келген дилбаяндарды кабыл албайт.

  1. Сынакты уюштуруу:

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун бардык филиалдары, Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте айылдык мектептердин өзүнүн жерлеринде сынактын өтүүсүн уюштурат.

Дилбаян кыргыз, орус тилдеринде жазылса болот, каттын формасында үч негизги талаптарды сактоо керек жана төмөнкү критерийлердин негизинде бааланат:

а) каттын сол тарабынын өйдө жагында жазган күндүн датасын көрсөтүү; б) саламдашуу (киришүү бөлүгү) жана негизги текст. в) корутунду бөлүгү (резюмесин жазуу) жана колу.

— каттын түзүмүн сактоо;

— берилген темага жооп берүүсү;

— чыгармачылык менен мамиле кылуу;

— сүрөттөрдү кошсо болот;

— сөздөрдүн саны 800 сөздөн ашпоосу керек.

  1. Райондук жана шаардык деңгээлде сынактын байгелүү (сыйлоо) фонду төмөнкүнү түзөт:
  2. 1-орун – белегинин өлчөмү – 2000 сом;
  3. 2-орун – белегинин өлчөмү – 1500 сом;
  4. 3-орун – белегинин өлчөмү – 1000 сом;
  5. Кызыктыруучу байгелер 3 катышуучуга, белегинин өлчөмү 500 сомго чейин.

Республикалык деңгээлдеги байгелик фонду:

  1. 1-орун – ноутбук;
  2. 2-орун – планшет;
  3. 3-орун – уюлдук телефон;
  4. Кызыктыруучу байгелер 5 катышуучуга, белегинин өлчөмү 1000 сомго чейин жана 10 катышуучуга 500 сомго чейин.
  5. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу:

5.1. Сынак эки этапта өткөрүлөт:

5.1.1. I-этап “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун райондук, шаардык (айылдык мектептерди кошкондо) филиалдарынын, аймактык департаменттеринин жана Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматынын деңгээлинде.

5.1.2. Айылдык, райондук жана шаардык мектептердин сынактын катышуучуларынан “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун тийиштүү аймактык департаменттеринин, филиалдарынын, Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматынын дарегине заказдык каттар 2023-жылдын 7-апрелине чейин кабыл алынат. 7-апрелден кийин келген каттар (байланыш бөлүмүнүн календарлык штемпелине ылайык) каралбайт.

5.1.3. Калыстар тобунун мүчөлөрү “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун аймактык департаменттеринин, филиалдарынын, Бишкек шаарындагы байланыш бөлүмдөрүн иштетүү боюнча кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте сынактын Жобосуна ылайык райондук жана шаардык деңгээлде үч эң жакшы дилбаянды тандашат (биринчи, экинчи, үчүнчү орун), ошондой эле 3 өзгөчө айырмаланган дилбаяндарды кызыктыруучу байге менен сыйлоого тандашат.

5.1.4. Каттарды кароо, жыйынтыктарды чыгаруу жана 1-3 орунга жеңүүчүлөрдүн каттарын тандоо, ошондой эле 3 катка чейин кызыктыруучу байгелерди алган каттар “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомуна 2023-жылдын 17-апрелине чейин жиберилиши керек.

5.2. II-этап Республикалык деңгээлдеги сынактын жыйынтыгын I-этапта тандалган каттарды эске алуу менен 2023-жылдын 28-апрелине чейин чыгаруу.

5.2.1. II-этапта калыстар тобу “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте сынактын Жобосуна ылайык республикалык деңгээлдеги үч мыкты дилбаянды (биринчи, экинчи, үчүнчү орун) тандашат жана ошондой эле кызыктыруучу байге менен сыйлоо үчүн өзгөчө айырмаланган дилбаяндарды тандашат.

5.2.2. Республикалык деңгээлде биринчи орунду ээлеген катышуучунун дилбаянын “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросуна бардык керектүү документтери менен коштоп, дүйнөлүк масштабдагы сынакка катышуу үчүн 2023-жылдын 5-майынан кеч эмес жөнөтөт.

5.2.3. Биринчи этаптагы жеңүүчүлөргө байгелерин мектептерде, окуучулардын, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу менен салтанаттуу тапшыруу мүмкүн болушунча Кыргыз Республикасынын Байланыш күнүнө карата 2023-жылдын 7-майына чейин же акыркы коңгуроодо 25-майында өтүүсү керек.

5.2.4 Экинчи этаптагы жеңүүчүлөргө байгелерин “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун 9-октябрь Бүткүл дүйнөлүк почта күнүнө карата өткөрүлгөн салтанат аземинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу менен салтанаттуу тапшыруу өтүүсү керек.

  1. Дүйнөлүк масштабдагы сыйлыктар:

а) Эл аралык сынактын үч жеңүүчүсү медаль алышат (биринчи орунга алтын медаль, экинчи орунга – күмүш медаль, үчүнчү орунга – коло медаль), грамоталарды, ошондой эле башка Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросу менен берилүүчү байгелер.

Алтын медаль менен сыйланган жеңүүчү ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросунун байгесин алуу үчүн Берн (Швейцария) шаарына бекер барып келүүсү менен сыйланат.

Кызыктыруучу байгеге ээ болгон катышуучулар ошондой эле грамоталар жана Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросунун берген байгелери менен сыйланат.

Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросу жеңүүчүлөргө, алардын мамлекетине жана жалпы эпистолярдык жанрдагы сынакка коомдун көңүлүн буруу үчүн бул иш чараны прессада чагылдырууну уюштурат.

  1. Эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын чагылдыруу:

Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарында (“Кут Билим” медиа борборунда, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайттарында жана башка массалык каражаттарында жана социалдык тармактарда) сынактын өтүүсү жана жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар жарыяланып турат.

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун

2023-ж. “___”____________№________

2023-ж. “___”____________№________

биргелешкен буйругу менен бекитилди

“Сиз супербаатыр экениңизди жана Сиздин миссияңыз – дүйнө жүзү боюнча бардык
жолдорду балдар үчүн коопсуз кылуу экендигин элестетиңиз. Сиздин миссияңызды ишке ашырууга жардам бере турган кандай супер жөндөмдүүлүктөр керек боло тургандыгы жөнүндө түшүндүрүп, кимдир бирөөгө кат жазыңыз”
деген темадагы жаштар арасында эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагын өткөрүү боюнча ишчаралар
ПЛАНЫ

Иш чараларАткаруу мөөнөтүЖооптууларАткарылган дата
1Республикалык ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү менен сынакты өткөрүү Жобосун иштеп чыгуу жана бекитүү2023-жылдын

8-февралына чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын,

КР БИМнин уюштуруу комиссиясынын мүчөлөрү

 
2Сынакты өткөрүү жана анын Жобосу жөнүндө массалык маалымат каражаттары аркылуу окуучуларга кеңири маалымат берүү (“Кут Билим” медиа борбору жана башка социалдык тармактар).

Сынакты өткөрүү боюнча маалыматтарды “Кыргыз почтасы” ААКнын жана Билим берүү жана илим министрлигинин сайттарына жана башка социалдык тармактарга жайгаштыруу.

2023-жылдын

15-февралына чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын,

КР БИМнин уюштуруу комиссиясынын мүчөлөрү

 
3Сынакка катышуучуларды сыйлоо үчүн байге фондун аныктоо.2023-жылдын

8-февралына чейин

“Кыргыз почтасы” ААК 
4Сынакты эки этап менен өткөрүү:

I -этабын айылдык, райондук, шаардык 15 жаштан жогору эмес каалаган мектеп окуучуларын жана бардык жаштардын катышуусу менен өткөрүү.

2023-жылдын

7-апрелге чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын бардык аймактык департаменттеринин, филиалдарынын жана Бишкек шаарындагы ББИКнин жумушчу топторунун мүчөлөрү 
II-этабы – I-этапта тандалган каттарды эске алуу менен республикалык деңгээлде сынакты өткөрүү.2023-жылдын

28-апрелине чейин

Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү 
5“Кыргыз почтасы” ААКнын бардык аймактык департаменттердин директорлоруна, филиалдарынын жетекчилерине жана Бишкек шаарындагы ББИКнин башчысына:

— окуучуларды кеңири таратуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана райондук, шаардык, айылдык мектептердин директорлору менен биргеликте эл аралык сынактын статусун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүү үчүн иш жүргүзүү;

Сынак аяктаганга чейин дайыма“Кыргыз почтасы” ААКнын бардык аймактык департаменттеринин директорлору, филиалдарынын жетекчилери, Бишкек шаарындагы ББИКнин башчысы, КР БИМнин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте 
— мектептерге сынактын Жобосун кыргыз жана орус тилинде жайылтуу;2023-жылдын

15-февралына чейин

-мектептерде атайын конверттердин сатылышын жана заказдык каттарды кабыл алууну уюштуруу;Сынак аяктаганга чейин“Кыргыз почтасы” ААКнын бардык аймактык департаменттеринин директорлору, филиалдарынын жетекчилери, Бишкек шаарындагы ББИКнин башчысы жана байланыш бөлүмүнүн башчылары. 
5-тиркеме ылайык “Бүткүл дүйнөлүк почта уюумунун эл аралык конкурсу (Международный конкурс ВПС)” деген белгиси бар атайын конверттер боюнча отчет жиберүү.

 

2023-жылдын

15-майына чейин

 
6— I-этаптын жыйынтыгын сынактын Жоболоруна ылайык чыгаруу, “Кыргыз почтасы” ААКга 1-2-3 орундун ээлеринин жана 3 кызыктыруучу байгелерге ээ болгон каттарды сынактын II-этабына катышуу үчүн 4-тиркемеде толтурулган жана калыстар тобунун мүчөлөрүнүн колу коюлган тандоо протоколу менен жиберүү.2023-жылдын

17-апрелине чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын аймактык департаменттери, филиалдары, Бишкек шаарындагы ББИКти, КР БИМнин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен калыстар тобунун курамы. 
7Сынактын I-этабындагы тандалган каттарды эске алуу менен республикалык деңгээлдеги II-этаптын жыйынтыгын чыгаруу жана сынактын жеңүүчүсүн аныктоо.

1-2-3-орундун ээлерин жана кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгондорду аныктоо.

2023-жылдын

28-апрелине чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын, КР БИМнин уюштуруу комиссиясынын мүчөлөрү. 
I-этаптын жеңүүчүлөрүнө мектептерде окуучулардын, “Кыргыз почтасы” ААКнын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жана жеңүүчүлөрдүн ата-энеси, жакындырынын катышуусу менен, массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу менен 2023-жылдын 7-май, Кыргыз Республикасынын Байланыш кызматкерлеринин күнүнө, же болбосо 25 май акыркы конгуроо күнүнө карата байгелерди салтанаттуу тапшырууну уюштуруу.2023-жылдын

25-майына чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын аймактык департаменттери, филиалдары жана Бишкек шаарындагы ББИКтин калыстар тобунун курамы. 
8Дүйнөлүк масштабдагы сынакка катышуу үчүн талап кылынган бардык документтердин коштоосунда Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросу кызматына республикалык деңгээлдеги жеңүүчүнүн катын жиберүү2023-жылдын 5-майынан кечиктирбестен“Кыргыз почтасы” ААКнын Эл аралык кызматташтык сектору. 
9Калган каттарды протоколдун көчүрмөсү, катышуучулардын тизмеси жана каттардын тиркемеси менен тиешелүү тартипте 3 жылга чейин сактоого архивге өткөрүү.2023-жылдын

30-майына чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын бардык аймактык департаменттеринин директорлору, филиалдарынын жетекчилери, Бишкек шаарындагы ББИКнин башчысы.

“Кыргыз почтасы” ААКнын Эл аралык кызматташтык сектору.

 
10II-этаптын жеңүүчүлөрүнө, “Кыргыз почтасы” ААКнын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн жана жеңүүчүлөрдүн ата-энеси, жакындырынын катышуусу менен, массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу менен 2023-жылдын 9-октябрь Бүткүл дүйнөлүк почта күнүнө карата байгелерди салтанаттуу тапшырууну уюштуруу.2023-жылдын

9-октябрына чейин

 “Кыргыз почтасы” ААКнын

Эл аралык кызматташтык сектору жана уюштуруу комиссиясы.

 
11Сынактын жыйынтыктары боюнча убактылуу “Кут Билим” газетасында жана башка социалдык тармактарда байгелүү орундарга жана кызыктыруучу байгеге ээ болгон каттар басылып туруш үчүн рубрика ачуу.Ар дайым“Кыргыз почтасы” ААКнын Эл аралык кызматташтык сектору жана Басма сөз кызматы, КР БИМ менен биргеликте . 
12“Кыргыз почтасы” ААКнын бардык аймактык департаменттеринин, филиалдарынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иштерине талдоо жүргүзүп, жыйынтыгын чыгаруу:

— “Кыргыз почтасы” ААКнын аймактык департаменттеринин, филиалдарынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жогорку натыйжага жеткендерин белгилөө;

— “Кыргыз почтасы” ААКнын айрым аймактык департаменттеринин, филиалдарынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн канааттандырарлык эмес иштерин көрсөтүү.

2023-жылдын

30-майына чейин

“Кыргыз почтасы” ААКнын, КР БИМнин уюштуруу комиссиясы. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы       С.К. Умралиева

 “Кыргыз почтасы” Ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык секторунун башчысы    С.А.Акылбекова

Бөлүшүү

Комментарийлер