ЖАШОО ОЮН ЭМЕС

  • 13.03.2018
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун  ШКИД балдар театры бир жума бою «Токтот оюнду!» (Стоп игра!) аттуу спектаклди шаардык мектеп окуучуларына көрсөттү. Күнүгө бул спектакль аншлаг менен өтүп жатты. Анткени спектаклдеги актер балдар өздөрүнүн курдаштарынын жашоосун сахнада көрсөтүп, али кеч боло электе терс таасир берген оюндардан алыс болууну чакырышты. Спектаклди  окуучуларга көрсөтүү демилгесин «Сейтек» борбору менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы көтөрүп чыгышкан.

ЖАШОО ОЮН ЭМЕС

 Спектаклдин башкы максаты —  өспүрүмдөрдүн чөйрөсүндө, үй-бүлөдө, коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү көрсөтүү менен, балдарга жашоо оюн эмес экенин жеткирүүнү көздөйт. Спектаклдин башкы режиссеру  Бакыт Койкеловдун айтымында, бир жума бою окуучулар тынч отуруп көрүп, ар бири өзүнүн ички дүйнөсү менен алпурушуп, айрымдары оюнду көрүп жатканда ыйлаган учурлар болгонун айтат.

Негизинен спектаклдин сюжети Галина Щербакованын «Вам и не снилось» тасмасынан  алынганы көрүнүп турат. Башкы каармандардын аттары дагы өзгөртүлбөй берилген: Рома жана Катя деп.

ЖАШОО ОЮН ЭМЕС

— Мен бекеринен бул тасмага кайрылган жокмун. Кайсы доор болбосун баары бир ата жана бала темасы болуп келген жана боло берет, биринчиден. Экинчиден, биз койгон спектаклде азыркы коомдогу терс көрүнүштөр чагылдырылды. Бул мектептеги рэкетчилик, баңги затка, ичимдикке берилгендик, жол кырсыгы, жанга баткан жалгыздык… Азыр көбүнчө балдар социалдык тармакта отуруп, айлана-чөйрө менен баарлашпай, өзү менен өзү болуп калды. Жалгыз болуп калышты. Спектаклдин аягында балдар бет каптарын (маска) чечишет.  Сахнада аткарылган болгону оюн экенин көрсөтүп, бирок жашоо оюн эмес экенин айттык. Жашоо менен ойнобош керек. Ата-энени, каада-салттарды сыйлоо керек экенин көрсөттүк. Эгерде спектаклдегидей балдарды коркутуп, башкарып алган кураторлор жашоодо жолугуп калышса, анда балдар анын айткан сөздөрүнө ишенип, жакындарын, сүйгөнүн кайгы-капага салбаш үчүн бардык ал койгон талаптарды аткарганга даяр болуп калышат. Ошондо өспүрүм артка жол таппай калат. Буга мисал, өткөн жылдардагы «Көк кит» («Синий кит») оюну. Канчалаган балдар өз жанын кыйышты. Ушундай нерседен биз балдарды коргоп, сактап калышыбыз керек. Балдардын тили  менен анын курдаштары гана проблема курч экенин жеткире алат, — дейт режиссер.

Башкы каармандын ролун аткарган «Эврика» жеке менчик мектебинин 6-классынын окуучусу Алибектин айтымында, спектаклдин идеясын балдар жакшы түшүнүштү.

— Спектаклден кийин көп балдар биз менен жолугуп, театрга жазылып жатышат. Бул деген көчөдөн алыстап, социалдык тармакта кечке отурбай, театрга келип рух дүйнөсүнө кам көрө баштаганы бизди сүйүндүрөт, — дейт жаш актер.

Ушундай эле ойду №9 гимназиянын 10-классынын окуучусу Настя Авелина да билдирди.

— Биз мектепке барбай коюшубуз ыктымал, бирок театрды бир саат да калтырбайбыз. Бул жерде биз ар кандай ролду ойнойбуз. Жөн эле ойноп койбостон, аны көрөрманга жеткирип, жүрөгүнөн түнөк табышыбыз керек. Биз ушул жума койгон спектакль аншлаг менен өттү. Спектаклден кийин балдар кетпей, оюнду талкуулап жатканы, айрымдары ыйлап баратканын көрүп кубандым. Биз социалдык маселени туура коюптурбуз, балдар түшүнүштү. Демек, терс нерселерден балдардын кандайдыр бир бөлүгү алыстайт. Эң башкысы биз ойноп жатканда зал абдан тынч болуп, балдар абдан таасирленип көрүп жатышканы, бул тема аларга жакын экенин көрсөттү. Ар бири спектаклдеги персонаждардан өзүн, же тууганын, же кошунасын көрө алды. Ушундай социалдык маселелерди койгон спектаклдер аркылуу жаштарды тарбияласа болот. Балдар ата-энесин коркутуп, үйдөн качпаш керек. Ар бир нерсенин чеги болот, ошондон чыкпашыбыз абзел. Оюндун арты эле кайгы менен бүтөт, ошого жеткирбөө ар бир баланын, үй-бүлөнүн колунда,  — дейт жаш режиссер.

Г.Щербакованын тасмасынан сюжет алынганы дагы бекеринен эместир. Заманбап технология, учурдагы тасмалар менен гана алектенбей, балдар советтик мезгилдеги тарбиялык мааниси зор тасмаларды да көрүү керек экенин режиссер билдирип турганы байкалат. Спектакль советтик мезгилдеги таң эрте элди зарядкага ойготкон музыка менен башталат.

— Анткени биздин балалык абдан бактылуу болгон. Азыр бардык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок балдардын бактылуу экени  байкалбайт. Советтик мезгилде музыка дагы жүрөктү сүйүнтүп турчу.  Караңызчы таң эрте Романын атасы күлүп-жайнап зарядка жасап, баласын тамашалап ойготот. Эмне үчүн мен Г.Щербакованын тасмасынан алдым, анткени советтик тасмаларда боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылуу жакшы көрсөтүлөт. Ал кезде жомок болсо жомоктой көрсөтүлчү, драма болсо драмадай, ал жерде уяттуу нерселер жок болчу. Азырчы? — дейт Бакыт Койкелов.

Мындан сырткары ШКИД театры көптөгөн спектаклдерди кое баштады. Маселен, «Парижге карай жол» (Дорога в Париж). Башкы каарман Женя өзүнүн курдаштарына каршы чыгат. Алардын көзүн ачуу үчүн өлүмгө моюн сунат. Спектаклдин аягында аткаруучулар сахнага чыгып, орус тилинде үч чак: өткөн, учур жана келерки чак бар экенин айтышат. Өткөн чак Женя чыгып: «Мен өттүм, Парижге барам деп кыялданчумун, бирок барган жокмун, себеби өлүп калдым» десе, «Мен Катямын, Женяны мен өлтүргөм. Мен учур чакмын. Азыр түрмөдөмүн, дагы 13 жыл отурам» дейт. Андан кийин рокер кыз чыгып: «Мен келерки чакмын.  Баңги затка берилгем, арак ичем, бирок эртели-кеч мен акылыма кирем, мен турмушка чыгып, кыз төрөйм, анын атын Женя деп коем, аны Парижге алып барам», — деп спектакль жакшы маанай менен бүтөт. Ошондой эле «Балдар согуш оюнун ойношот» деген спектаклди 9-майга карата койгону жатышканын айтышты.

— Биздин репертуарыбыз көп. «Сейтектин» карамагына келгенибизге үч жылдын жүзү болду. Балдар жалаң эле бийлерди көрө бербестен, эми бизге дагы көнүп калышты. Көрөрмандарыбыздын саны көбөйүп, театрга жазылгандардын да саны күндөн-күнгө өсүп бара жатат. Балдардын баары таланттуу, аларды болгону көрө билиш керек. Таланттуу балдар аркылуу балдарды тарбиялап жатабыз. Учурда 100 жакын бала жазылды, — дейт режиссер.

Спектаклге окуучуларын алып келген №1 мектептин мугалими Ирина Александровнанын пикиринде, балдар өздөрүнүн жашоосун сахнада көрө алышты.

— Спектакль атайын балдар үчүн коюлуптур. Чоңдорду балдар укпайт, ал эми балдар бири- бирин бат, анан жакшы түшүнөт. Бүгүнкү коомдо адамдар баарына кайдигер карайт, балдар өзү менен өзү болуп калган чак. Бул спектакль көп нерсени ойлондурат экен, — дейт мугалим.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымында, сахнада балдар өзүнүн курдаштарынын идеяларын, ойлорун билдирип, жүрөгүнө чейин жеткирип жатышат.

— Бул спектакль менен региондорду да кыдырсак болот. Анткени бардык жерде балдар маселеси бирдей эле. Кыргызстанда балдар театры жокко эсе. Ошондуктан «Сейтекте» балдар театрын, алып баруучуларды даярдоо тобун, скрипка, саксофондо ойноо топторун ачып жатабыз. Канатыбызды кенен жайалы дедик. Анткени Кыргызстанда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору мектептен сырткаркы билим берүүнүн флагманы деп аталат. Буга чейин коомчулук «Сейтекти» хореография жагынан билишсе, азыр ушу, таэквондо, комуз ансамблдери, кол өнөрчүлүк боюнча дагы ийримдер аркылуу тааный башташты.

ШКИД театры эми оюндан түшкөн каражаттарга костюмдарын тиге башташат, чет жакка чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Таң калычтуусу, алгач режиссер 8-9-10-класстын окуучулары менен иштей баштаган. Алар менен иштөө абдан татаал. Биздин практикабызда ар бир ийримде балдар 4-5 жашынан кабыл алынат. Бакыт Койкелов эми кичинекей балдарга көңүл бөлүп, иштей баштады. Баса, 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Апам жана мен» концертин тартууладык. Бул жерде балдарды алып баруучулукка үйрөтүп жаткан топтун бет ачаары болду. Эми «Сейтектин» өзүнүн алып баруучулары пайда болот,  — дейт директор.

 

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер