ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ ЭМНЕ ҮЧҮН…

  • 05.08.2022
  • 0

Белгилүү илимпоз, академик Абдылдажан-Мелис Акматалиевдин  ушундай аталыштагы кезектеги  ырлар жыйнагы жарык көрдү.

ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ ЭМНЕ ҮЧҮН...“Мени  толкуткан ойлор менен  окурмандарды тааныштырып, алардан сырдаш тапкым келет”, – дейт автор. Чынында эле автордун лирикалык каарманы бүгүнкү замандын көйгөйлөрү тууралуу толгонот, ойлонот. Темалары ар түрдүү. Чындык, Абийир, Достук, Ишеним, Көңүл, Сүйүү, Табият, Манас, Айтматов, Covid-19 ж.б.

Абийир саткан – Кудай саткан барабар,

Абийир – күзгү, жан дүйнөңдү  каранар.

ххх

Мен Абийирди Тирүү сымал сеземин,

Жан дүйнөдө жүргөн өңдүү аралап…

ххх

Көлдүн жээги кандай сонун керемет,

Ай, сулуу кыз, бери кара,  келе кет.

Күндүн нуру жетпей турат аз гана, —

Өз нуруңдан кошуп дагы бере кет…

ххх

Калдайган Чындык асманы,

Негедир абдан караңгы…

ххх

Ким билсин ай, кандай тагдыр күтөрүн,

Таңдан баштап кечке чейин өмүр бар…

ххх

Ушул дагы өмүрбү,

Үмүттү эрте үзүп.

Өмүрдү эртең эмес

Азыртан бүгүн күтүп.

Максаттын учу да жок, —

Баарыбызга жашоо бүтүп,

Ушул дагы өмүрбү?! (Covid-19)

Мына ушул окшогон саптар окурманды кайдыгер калтырбайт.

Ыр саптардын баары автордун жан дүйнөсүнөн  чыккан. Саптар угумдуу, жагымдуу. Акындык позиция туруктуу. Абийир, Чындык үчүн  чыркырайт, махабатты урматтайт, табиятка суктанат. Ар бир адам жашагысы келет! Ар биринин максаттары, тилектери бар. Лирикалык каарман да бул жашоодо Адам деген атка татыктуу жашагысы келет…

Андыктан урматтуу окурман, бул китеп сиздин жан дүйнөңүздөн ордун табат деген ишенимдебиз.

Бөлүшүү

Комментарийлер