КЕЗЕКТЕГИ УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ ТАЛАСТА
- 07.09.2026
- 0
Бүгүн Талас шаарында “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аттуу Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Маанилүү иш-чарага Талас облусунун билим берүү тармагынын 350 өкүлү катышып, жаңы окуу жылына карата актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, ошондой эле министрликке караштуу мекемелердин өкүлдөрү аймактын педагогдору менен жолугушту. Анда билим берүү системасындагы соңку өзгөрүүлөр, кезектеги окуу жылындагы негизги багыттар, алдыдагы стратегиялык милдеттер жана тармактагы жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Бул жолку форумдун башкы өзгөчөлүгү — кургак маалымат берүү менен гана чектелбестен, билим берүү кызматкерлери менен түз диалогдун уюштурулганы болду. Мугалимдер өздөрүн түйшөлткөн жана кызыктырган суроолорун узатып, министрликтин адистеринен тиешелүү жоопторду жана так түшүндүрмөлөрдү ала алышты. Ошондой эле, билим берүүнүн ар түрдүү багыттарындагы жаңылануулар, окуу программалары менен мамлекеттик стандарттар, педагогдордун кесиптик өнүгүүсү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган комплекстүү иш-аракеттер кызуу талкууга алынды.

Иш-чаранын алкагында атайын секциялык жыйындар да өткөрүлүп, катышуучуларга актуалдуу маселелерди жакындан талкуулоого жана өз ара тажрыйба алмашууга мыкты аянтча түзүлүп берилди. Форум аймактагы агартуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга жана жаңы окуу жылына карата чоң дем-күч берүүгө өбөлгө түздү.
А.К., «КБ»