КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КОРЕЯ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШАТ
- 07.09.2026
- 0
Ушул жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын делегациясынын Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова Кореянын Интеллектуалдык менчик институтунун (KIPI) президенти Бён Сам Кан менен Сеул шаарында жолугушту. Бул маанилүү сүйлөшүү интеллектуалдык менчик тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө, объекттерди башкаруу системасын өркүндөтүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган атайын кызматташтык программасынын алкагында уюштурулду. 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы интеллектуалдык менчик системасынын учурдагы абалын, аны санариптик трансформациялоонун артыкчылыктуу багыттарын жана бул тармакта Кореянын алдыңкы технологиялык чечимдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты. Өзгөчө көңүл маалыматтык системаларды өнүктүрүү, административдик процесстерди автоматташтыруу, ошондой эле жасалма интеллектти колдонуу аркылуу системанын натыйжалуулугун арттыруу маселелерине бурулду.
Министрдин орун басары Лира Сулайманова кыргыз тарап заманбап санариптик сервистерди түзүү, маалыматтык системаларды интеграциялоо жана колдонуучуга багытталган кызмат көрсөтүү моделин калыптандыруу боюнча Кореянын, анын ичинде KIPI институтунун практикалык тажрыйбасын үйрөнүүгө абдан кызыкдар экенин белгиледи. Ал интеллектуалдык менчик системасын санариптештирүү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жана авторлорго, ойлоп табуучуларга, бизнес коомчулугуна жеткиликтүү кызмат көрсөтүүнүн негизги куралы экенин баса белгиледи. 
Өз кезегинде KIPI жетекчилиги Кореянын интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдөгү ийгиликтүү ыкмалары менен тааныштырып, мындан аркы эксперттик жана техникалык кызматташтыктын багыттарын сунуштады. Жыйынтыгында эки тарап өнөктөштүктү бекемдөөгө жана Кыргызстандын интеллектуалдык менчик системасын өркүндөтүү боюнча атайын практикалык жол картасын иштеп чыгууга макулдашышты.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы кореялык эксперттер менен бир катар консультацияларды өткөрүп, интеллектуалдык менчикти заманбап башкаруу жана санариптик трансформация боюнча семинарларга катышат. Ошондой эле, инновациялык инфраструктура жана технологиялык чечимдер менен жакындан таанышуу максатында Кореянын алдыңкы уюмдарына жана компанияларына баруу пландалган. Белгилей кетсек, аталган кызматташтык программасы адистердин тажрыйба алмашуусун, эксперттик консультацияларды, билим берүү иш-чараларын өткөрүүнү жана интеллектуалдык менчик тармагына жасалма интеллектти киргизүү боюнча Кореянын тажрыйбасын терең изилдөөнү камтыйт.
А.К., «КБ»