PISA 2025: КЫРГЫЗСТАНДЫ КАНДАЙ ЖЫЙЫНТЫК КҮТӨТ?
- 07.09.2026
- 0
8-сентябрда Словакиянын Братислава шаарында PISA 2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланат. Кыргызстан бул изилдөөгө 199 мектептен 7500дөн ашуун окуучу менен катышты.
PISA деген эмне?
PISA — бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулардын билим деңгээлин жана алган билимин күнүмдүк турмушта колдоно билүүсүн баалаган эл аралык изилдөө. Жөнөкөй айтканда, PISA окуучунун сабактан жаттап алганын гана эмес, үйрөнгөн билимин турмушта пайдалана алабы, маселени өз алдынча чече алабы, маалыматты талдап, туура жыйынтык чыгара алабы деген суроолорго жооп издейт. Изилдөө негизинен окуу, математика жана табигый илимдер боюнча окуучулардын практикалык көндүмдөрүн баалайт.
PISA эмне үчүн керек?
PISAнын жыйынтыгы жөн гана өлкөлөрдүн рейтингин аныктоо үчүн өткөрүлбөйт. Анын негизги максаты — билим берүү системасында эмнелер жакшы болуп жатканын жана кайсы жерлерди жакшыртуу керектигин аныктоо. Мисалы, изилдөөнүн жыйынтыгында окуучулар кайсы багытта жакшы билимге ээ экени, кайсы көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруу керектиги көрүнөт. Ошондуктан PISAнын жыйынтыгы билим берүү системасы үчүн күзгү сыяктуу. Ал азыркы абалды көрсөтүп, мындан ары кайсы багытта иш алып баруу керектигин аныктоого мүмкүнчүлүк берет. 
Кыргызстан PISAга кайра катышты
Кыргызстан PISA изилдөөсүнө буга чейин 2006 жана 2009-жылдары катышкан. Андан кийин узак тыныгуу болуп, өлкө 2025-жылы кайрадан бул эл аралык баалоого кошулду. Бул жолку изилдөөгө өлкөнүн 199 жалпы билим берүү уюмунан 7500дөн ашуун окуучу катышты. 2025-жылдагы жыйынтыктар Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү. Себеби ал өлкөдө билим берүүнүн азыркы абалын баалоого мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, PISA 2025тин жыйынтыктары Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасы үчүн баштапкы көрсөткүчтөрдүн бири катары да кызмат кылат. Башкача айтканда, бүгүнкү көрсөткүчтөр келечекте жүргүзүлө турган өзгөрүүлөрдүн натыйжасын салыштырып көрүүгө негиз болот.
Жыйынтык Братиславада талкууланат
PISA 2025тин жыйынтыктары 8-сентябрда Словакиянын Братислава шаарында талкууланат. Аймактык конференцияга Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышат.
Иш сапардын алкагында министр Словакиянын билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер менен жолугушуп, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын талкуулайт. Ошондой эле Түркиянын жана Грузиянын тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен билим берүүнү өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.
Эми негизги суроо — Кыргызстан PISA 2025те кандай жыйынтык көрсөтөт?
PISA 2025тин жыйынтыгы Кыргызстан үчүн эки жагынан тең маанилүү болот. Эгер окуучулардын көрсөткүчү жакшы чыкса, бул өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган реформалардын алгачкы оң жыйынтыктары бар экенин көрсөтөт. Ал эми жыйынтык күткөндөй болбой калса, бул билим берүү системасында өзгөрүүлөргө муктаждык бар экенин дагы бир ирет айгинелеп, азыркы жүргүзүлүп жаткан реформалардын өз убагында жасалып жатканын көрсөтөт.
А.К., «КБ»