ЖАШ ТИЛЧИЛЕРДИН АЛГАЧКЫ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

  • 18.05.2022
  • 0
Билим берүү жана илим министрлигинде «Жаш тилчилер» уюмунун алгачкы кеңешмеси өттү. Ага Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, кыргыз тилин өнүктүрүү багытында жаштар менен иш алып барган коомдук фонд, уюмдардын өкүлдөрү жана кыргыз тилчи жаш мугалимдер катышты.
ЖАШ ТИЛЧИЛЕРДИН АЛГАЧКЫ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ
Кеңешмеде кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча бир катар маселелер талкууланды. Мындан сырткары катышуучулар тарабынан ушул багытта иш жүргүзгөн коомдук уюмдар менен биргелешип иштөө сунуштары айтылды.
ЖАШ ТИЛЧИЛЕРДИН АЛГАЧКЫ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ
Ошондой эле кеңешмеде окуучуларды кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо маселелери көтөрүлдү.
Бөлүшүү

Комментарийлер