ЖАШ ӨСПҮРҮМ БАЛБАНДАРДЫН АЗИЯДАГЫ ЖЕҢИШТЕРИ
- 13.07.2023
- 0
Бул күндөрү Иорданиянын борбору Амман шаарында өспүрүмдөр арасындагы Азия
чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Мелдештин биринчи күнү кечээ 12-июль күнү
аяктап, грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык жаш балбандар 2 алтын, 2 күмүш
жана 2 коло медалдарды утуп, спорт адистеринин көңүлүн бурду.
Келечегинен үмүткөр кылган 15 жаштагы жаш балбандар Абдулазиз Моминов менен Эмир
Эмилов Азия чемпиону болушту. Финалга чейин жеткен Актан Эсентуров менен
Асылбек Дөөлөтбековго күмүш медалдар ыйгарылды. Ал эми Нуркамил Атагелдиев
менен Нурислам Өскөнбаев коло медалдын ээлери болушту. Кошумчалай кетсек,
Акмал Абдирасулов, Бөрүбай Мавлянов жана Нурбек Абдамитовдор да коло медаль
үчүн күрөшүп, бирок 3-орун үчүн кармашта жеңилип, 5-орунду камсыз кылышты.
Муну менен Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 156 упай
топтоо менен жалпы эсепте 3-орунду ээледи Биринчи орунда Иран курамасы (185
упай), экинчи орунда Казакстан курамасы (178 упай) турат.
Баса белгилеп айтсак, 38 килограммга чейинки салмакта Абдулазиз Моминов 15
жашка чейинки балбандар арасында 2023-жылкы Азия чемпиону аталды. Биринчи
орун үчүн болгон чечүүчү кармашта кыргызстандык Абдулазиз ирандык Беньямин
Неаматулла Хезлини 14:3 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Анын жеңишинин
урматына Кыргыз туусу обого көтөрүлүп, Гимн жаңырды. Ошондой эле Эмир Эмилов
52 кг. салмакта Азия чемпиону жана алтын медалдын ээси болуп, баш байге үчүн
күрөштө өзбекстандык Овездурды Сапармуратовду 3:1 эсебинде жеңип алды.
Биздин жаш балбандарды жеңиштери менен куттуктайбыз!
Жаш балбан кыздар Кыргызстандын намысын коргоп жатышат
Бүгүн, 13-июлда Азия чемпионатында мелдештин экинчи күнүндө жаш балбан кыздар
10 салмакта чемпиондук наам үчүн күч сынашып жатышат. Турнирге Кыргызстандын
намысын 33 кг. салмакта Асем Асангелдиева, 36 кг. салмакта Айдеми
Асангазаалиева, 39 кг. салмакта Фатима Бактыбекова, 42 кг. салмакта Аяна
Асылбекова коргоп жатышат. Ошондой эле жаш балбан кыздар 46 кг. салмакта
Азема Калидинова, 50 кг. салмакта Асема Төрөгелдиева, 54 кг. салмакта Каныкей
Кубатбекова, 58 кг. салмакта Акылай Чыныбаева, 62 кг. салмакта Аяна Асамаликова
жана 66 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын атынан Альбина
Салымбекова катышып жатат .
Атактуу балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери
Медет кызынын жолун жолдогон жаш балбан кыздарга ийгиликтери, жеңиштери
каалайбыз!
Кабыл Макешов, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук
баяндамачы
Комментарийлер