ЖАШ ШАХМАТИСТТЕР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

  • 21.01.2021
  • 0

Бишкек шаарындагы ГАРДЭ шахмат жеке мектебинин  тарбиялануучулары Кыргыз Республикасынын 6 жаштан 18 жашка чейинки балдардын ортосундагы шахмат боюнча чемпионатына  катышып, республика боюнча жалпы 30 команданын ичинен экинчи орунга татыктуу болушту.

ЖАШ ШАХМАТИСТТЕР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

ГАРДЭ  шахмат мектебинин негиздөөчүсү  Ж. Шаршембиевдин айтуусу боюнча, чемпионатка катышкан мектептин окуучулары үч алтын, үч күмүш жана бир коло медаль менен сыйланышты. Жалпы командалык эсепте ГАРДЭ шахмат мектеби республика боюнча экинчи орунга чыгышты.

ЖАШ ШАХМАТИСТТЕР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

Он жашка чейинки балдар арасында биздин мектептин тарбиялануучусу Момуналиев Руслан 1-орунга чыгып, алтын медаль менен сыйланды.  12 жашка чейинкилер боюнча  Абаева Аяна 2-орунду камсыздап,  күмүш медалга татыктуу болду, 14 жашка чейинкилер боюнча Алишеров Алихан 2-орунга чыгып, күмүш медаль менен сыйланса,  ал эми 18 жашка чейинкилер боюнча   Акматов Алтай 3-орунга чыгып, коло медаль менен сыйланды, бул окуучулардын машыктыруучусу шахмат боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, ГАРДЭ шахмат мектебинин башкы машыктыруучусу Марков Михаил Сергеевич,   — дейт Ж.Шаршембиев.

ЖАШ ШАХМАТИСТТЕР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

Дагы бир тарбиялануучу  Мурадылов Байэл 10 жашка чейинки балдар арасында 2-орунду ээлеп, күмүш медалга татыктуу болду. Байэлдин машыктыруучусу шахмат боюнча спорт чеберине талапкер, ГАРДЭ шахмат мектебинин улук машыктыруучусу Шаршембиев Адил Жыргалбекович.  Ал эми алты жашка чейинки балдар арасында боюнча катышкан Бекназаров Рахим  (машыктыруучусу, т.и.д., профессор, ГАРДЭ шахмат мектебинин машыктыруучусу Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович) 1-орунду багынтып, алтын медаль менен сыйланып эң жаш чемпион аталды.

Шахматты ким жана качан ойлоп тапкан?

Бишкек шаарындагы ГАРДЭ шахмат жеке мектебинин негиздөөчүсү Ж.Шаршембиевдин айтымында, шахмат оюну мындан 2000 жылдан ашык убакыттан мурда ойлонуп чыгарылган. Бул оюн дүйнө жүзүнө Индиядан тараган деп айтылат.

  • Индияда шахмат жөнүндөгү алгачкы маалымат 6-кылымга таандык. Шахматты индиялык бир акылман өзүнүн кожоюну үчүн ойлоп тааптыр деген уламыш да бар. Бирок шахмат бир эле кишинин акыл-оюнун жемиши эмес, ал көп сандаган элдердин акыл эмгегинен жаралган. Эмне себептен шахмат деп аталып калган? Чыгышта эл башкарган падышаны “шах” деп аташат. Ал эми “мат” араб тилинен которгондо — өлдү деген сөз. Демек, шахмат деген сөздү — душмандын падышасына өлүм! — деп которууга болот. Оюндун маани-максаты да мына ушунда, ак жана кара эки аскер 64 чакмактуу тегиз тактайда салгылашат. Ар бир аскердин курамында сегизден жөө аскер (пешка), экиден ат, экиден пил, экиден ладья, бирден ферзь (каныша) жана бирден король (хан) болот, — дейт Ж.Шаршембиев.

Шахматчы өз жөндөмүн абдан эрте, кичине кезинен эле өөрчүтө баштоосу керек экенин эксперттер айтышууда. Дегеле көпчүлүк гроссмейстерлердин дээрлик бардыгы шахматты эрте жашынан эле ойноп башташкан.

  • ГАРДЭ шахмат мектебинин тарбиялануучулары 5-6 жаштан баштап машыгып жатышат. Бул шахмат мектебин 2017-жылы  негиздегем. ГАРДЭ шахмат мектебинин эң негизги максаты – жаш кыргыз балдар жана кыздар арасынан Азия жана Дүйнө чемпиондорун, ошондой эле келечекте шахмат боюнча улуттук спорт чеберлерин, эл аралык класстагы спорт чеберлерин, гроссмейстерлерди даярдоо болуп эсептелет.  Мен өзүм жана үй-бүлөм  баары шахматка кызыгышат. Күнүгө жумуштан кийин кечки саат бештен жетиге чейинки аралыкта шахмат менен жаш балдар-кыздарга өзүм дагы сабак өтөм. Шахмат менен эки уулум жана эки кызым машыгышат жана алар профессионалдуу шахмат оюнчулары. Кызым Айжан Сабырбекова беш-сегиз жаш курактарында эл аралык жана республикалык масштабдагы мелдештерде жети-сегиз  жолу чемпиону болду, азыркы учурда тогуз жашта, келечекте, кудай буйруса, Азия жана Дүйнө биринчилигинде ийгиликтерди жаратып мамлекетибиздин желегин бийик желбиретет деген терең ишенимим бар.
  • ЖАШ ШАХМАТИСТТЕР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

Шахмат – көпчүлүк үчүн оюн, эс алуу, спорт, илим жана искусство. Шахмат бул илимий элементтерди камтыган, чыгармачылыкты талап кылган, өзүнчө кооздукту жаратуу мүмкүндүгү бар спорттун түрү.

Шахмат — балдардын акыл-оюн өөрчүтүүчү, адамдын ойлонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берүүчү каражат десем жаңылышпайм. Арменияда шахмат оюну милдеттүү түрдө башталгыч класстарда окутулат. Азыркы учурда көптөгөн мамлекеттер мектепте шахматты окутууну баштап жатышат. Адамдын мээси дагы булчуңдар сыяктуу эле машыгууга муктаж. Канчалык жаш балдардын мээси тынымсыз иштеп машыгып турса, ошончолук балдар акылдуу жана зирек болуп чоңоюшарына шек жок.  Шахмат оюну менен машыккан балдар мектепте дагы математика, информатика, физика сабактарынан жакшы ийгиликтерди жаратып келишет. Шахмат, ириде балдар үчүн жөн эле оюн болушу ыктымал. Бирок убакыт өткөн сайын алар жөн гана шахмат ойноо менен эс-тутумдары жогорулайт, логикалык ой-жүгүртүүсү өөрчүйт. Бара-бара шахматтык таймаштарга катышып, биздин балдардай жеңиштерге жана сыйлыктарга жетише башташат. Ал эми Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон  алты жаштан 18 жашка чейинки курактагы жаш шахматисттер мамлекетибиздин намысын коргоп Азия жана Дүйнө чемпионаттарына катыша алышат, — дейт Ж.Шаршембиев.

ЖАШ ШАХМАТИСТТЕР АЛДЫГА ЧЫГЫШТЫ

Шахмат оюнунун машыктыруучуларынын айтуусунда,  ал логикалык ой-жүгүртүүнү, максатка жете билүүнү, чыдамкайлыкты өөрчүтөт. Шахмат ойногон жеткинчек  өзүн туура алып жүрүүгө, жасаган иштерин анализдөөгө, өз алдынча ойлонууга, туура чечим чыгарууга, аягына чейин күрөшүүгө жана жеңилүү учурларында ызаланбоого үйрөнөт.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер