ЖАШ СҮРӨТЧҮ ЖАСМИНАНЫН ИЙГИЛИГИ

  • 23.03.2021
  • 0

Нарында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата окуучулар арасында «Өзүңө жардам бер!» аттуу сүрөт жана видеороликтер сынагы өтүп, Нарын районундагы Актан Тыныбек мектебинен баргандар байгелүү кайтты.

Сынактагы сүрөт боюнча таймашта Актан Тыныбек мектебинин 6-«а» классынын окуучусу Асанова Жасмина үчүнчү орунду ээлеп, конкурстун диплому менен сыйланды. Жаш сүрөтчүнүн  класс жетекчиси Шабдыраев Рахатка жана сүрөт мугалими Кыдыков Мирлан агайга уюштуруучулардан грамота, ал эми мектепке облустук өкүлчүлүктүн ыраазычылык каты берилди.

ЖАШ СҮРӨТЧҮ ЖАСМИНАНЫН ИЙГИЛИГИ

Бул жерде ушул ийгиликтердин башында турган мектептин соцпедагогу,  айылдык кеңештин депутаты Кенжегүл Бектемированын аракетин айтпай кетпесек болбойт. Элеттик соцпедагог  окуучуга чыгармачыл конкурска катышууга дем берди.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер