“ЖАШ ПИФАГОРЛОР ТЕХНИКА ДҮЙНӨСҮНДӨ” РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫ

  • 04.03.2021
  • 0

2021-жылдын 1-мартынан 22-майына чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” БРИТА биргиликте “Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” республикалык математика боюнча олимпиадасын өткөрүшөт.

Олимпиада Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын 60 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өтмөкчү.

Олимпиада Кыргызстанда SТЕМ-билим берүүнү жайылтуу, окуучуларга интеллектуалдык жана чыгармачылык жактан өзүнүн жөндөмдүүлүгүн аныктоосуна шарттарды түзүүнү көздөйт.

Олимпиада үч тур менен өтөт:

  • 2021-жылдын 3-10-март аралыгында — rmo.rdita.kg сайтында онлайн режиминде тандоо туру;
  • 2021-жылдын 24-31-мартында — rmo.rdita.kg сайтында онлайн режиминде аймактык тур;
  • 2021-жылдын 20-22-май аралыгында — офлайн форматында республикалык тур.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер