ЖАШ ПИАНИСТ ДИАНАНЫН ИЙГИЛИГИ

  • 03.05.2023
  • 0

ЖАШ ПИАНИСТ ДИАНАНЫН ИЙГИЛИГИ

2023-жылдын март айында Италиянын Рим шаарында «Alliance of Talents» уюштурган пианисттер арасындагы «Art & Culture piano competition» сынагы болуп өттү. Эл аралык иш чарада биздин өлкөнүн атынан П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин педагог Г.Ф. Шипулинанын классынын 12 жаштагы окуучусу, жаш талант Мамаюсупова Диана Алтынбековна татыктуу катышып, 1-орунга ээ болду. Аталган конкурс, Римдин суктандырган чыгармачыл атмосферага бөлөнгөн байыркы мектептеринин биринде болуп өттү.

Буга чейин, Диана 2020-жылдын декабрь айында Россиянын Москва шаарында «International Art Competition» жана 2021-жылдын январь айында Голландиянын Амстердам шаарында «Netherlandish Golden Tulip» сынактарына катышуу менен 1-орунга ээ болуп, биринчи даражадагы эл аралык лауреат болууга жетишкен.

Бөлүшүү

Комментарийлер