ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР ЖАНА ИННОВАТОРЛОР СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 10.11.2025
- 0
Илим күнүнө карата уюштурулган жаш окумуштуулар жана инноваторлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи “Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодогу илимдин ролу” эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өтөт. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, конференцияны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясы биргелешип өткөрүүдө.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчилиги, академиялык коомчулуктун жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы конференциянын салтанаттуу ачылыш аземинен кийин илимий жетишкендиктер көргөзмөсү, илимди, билим берүү жана өндүрүш менен интеграциясын, инновацияларды өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланган панелдик сессия жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаш окумуштуулары жана инноваторлору арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи күтүлүүдө. Сыйлоо аземинде илимий изилдөөлөрдүн негизиндеги мыкты стартап, туруктуу өнүгүү жана “жашыл” технологиялар тармагындагы мыкты чечим, жылдын мыкты илимий макаласы, Жылдын мыкты жаш окумуштуусу номинациялары боюнча жеңүүчүлөр сыйланат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер