ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР БЕШ БАГЫТ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮШӨТ

  • 08.07.2026
  • 0

Эки күн мурда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштууларынын Эл аралык илимий-билим берүү лагери (SCO Young Scientists Camp 2026) салтанаттуу түрдө ачылды.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, лагерь Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген жаш окумуштууларды, мектеп окуучуларын, профессорлорду, илимий жетекчилерди жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик «Акылман» лицейинин базасында уюштурулуп, ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучулары, академиялык профессорлор, илимий насаатчылар, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы мекемелердин өкүлдөрү катышууда.ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР БЕШ БАГЫТ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ ЖҮРГҮЗҮШӨТЛагердин жүрүшүндө катышуучулар беш илимий багыт боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Алар: экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика.

Биргелешкен иштин жыйынтыгында лагердин жаш окумуштууларынын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжасы катары 14 илимий макала даярдоо пландалууда.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер