«КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН» ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТТҮ
- 06.11.2026
- 0
5-ноябрда Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренада» өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу республикалык жаштар форумуна Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган парламент депутаттары катышты. Жаштар менен мамлекеттик жетекчиликтин ортосунда ачык диалог түзүүгө, жаш муундун демилгелерин колдоого арналган бул жыйында Төрага сөз сүйлөп, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү билимдин, илимдин жана мекенчилдиктин маанисине токтолду. 
Төрага өз сөзүндө экономикасы өнүккөн, мыйзам үстөмдүк кылган күчтүү мамлекетти куруу жаштардын колунда экенин белгилеп, заманбап муун улуу тарых менен гана сыймыктанбастан, терең билими жана жигердүү эмгеги менен жаңы тарыхты жаратышы керектигин баса белгиледи. 
Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүрүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында өлкө бюджетинин мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, акыркы беш жылда 700дөй бала бакча менен мектеп салынып, жол, турак жай жана социалдык инфраструктураны жакшыртууда ири иштер жасалып жатканын мисал кылды. Ал мамлекеттик карыздын ички дүң продукцияга карата катышы коопсуз деңгээлде (38,55 пайыз) сакталып турганын жана жүргүзүлүп жаткан саясат келечек муунга карызды эмес, бакубат өлкөнү өткөрүп берүүгө багытталганын билдирди. 
Айрыкча жаштар саясатын өнүктүрүүгө жана билим берүүгө токтолгон парламент жетекчиси: «Жаштарга жумшалган ар бир сом — Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция. Биз жаштардан чоң ийгиликтерди күтүп гана тим болбостон, ошол жетишкендиктерге чыгуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп беришибиз кажет», — деп белгиледи. 
Мындан тышкары, азыркы дүйнөдө жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан шартта кыргызстандык жаштар дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү билимди өздөштүрүшү зарылдыгын айтып, аларды бийик максаттарга умтулууга чакырды. Мазмундуу баяндамалар жана маданий программа менен коштолгон форум жаштардын келечекке багытталган жаңы демилгелерин талкуулоо менен жыйынтыкталды.
А.К., «КБ»