ОШТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН АРТТЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 06.11.2026

Бүгүн, 6-ноябрда, Ош шаарында «12 жылдык билим берүү системасында кесиптик башталгыч билим берүүнүн ролу» аталышындагы республикалык семинардын экинчи күнү өтүүдө.

Иш-чаранын экинчи күнүндө чоңдорду окутууда тажрыйбага негизделген ыкмалар, кесиптик лицейлерде тарбия иштерин уюштуруу жана кошумча киреше табуу механизмдери талкууланды.

Бул багыттар боюнча К.А. Курманалиева «Чоңдорду окутууда тажрыйбага негизделген окутуу ыкмалары», Б.К. Алымбеков «Кесиптик лицейде тарбия иштерин уюштуруу» темаларында баяндама жасашты. Ал эми А.С. Колопов Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында кошумча киреше табуунун механизмдери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле окуу-өндүрүштүк комплекстердин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүү уюмдарынын маркетингдик стратегияларын ишке ашыруу жана өндүрүштүк базанын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелерине көңүл бурулду.

Талкуунун жүрүшүндө окуу-өндүрүштүк комплекстерди билим берүү менен өндүрүштү айкалыштырган, киреше алып келүүчү жана окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошуучу түзүм катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Мадина КУРБАНОВА,  “Кут Билим”

Бөлүшүү