ЖАШ ОКУМУШТУУ ЯПОНИЯДА СТАЖИРОВКАДАН ӨТҮП КЕЛДИ

  • 27.02.2018
  • 0

ЖАШ ОКУМУШТУУ ЯПОНИЯДА СТАЖИРОВКАДАН ӨТҮП КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту менен Япониянын Яманаши префектурасындагы Тэйкё университетинин Маданий мурас институтунун келишиминин негизинде КР УИАнын жаш окумуштуусу аталган өлкөдөн стажировкадан өтүп келди. 17 күн ичинде илимий кызматкер Эмил Султанов металл жасалгаларынын консервациясы жана реставрациясы боюнча практикалык сабактар менен коштолгон лекцияларга катышты.

  • Металл жасалгаларында колдонулган жабдууларга жана оңдоп-түзөө иштерине байланышкан кыска курстук лекциялар, радиоактивдүү жабдуулар менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелери боюнча нускоо өтүлүп жатты, — дейт Э. Султанов. — Биз ала барган орто кылымдарга таандык Ак-Бешим шаар чалдыбарларынын (Токмок) артефактыларынын сүрөтү X-ray photo рентгенине тартылып, X-ray deflector жабдуусу аркылуу металлдардын химиялык курамдары текшерилди. Анын натыйжасында аталган артефактыларга таандык коло жасалгаларынын көпчүлүк бөлүгүнө калай эмес, жез менен коргошун колдонулганы анык болду. Арзан болгондугуна байланыштуу орто кылымдарда тыйын жасоодо калайга караганда коргошун көбүрөөк колдонулганы маалым болду. Окуунун акырында археологиялык объектилерди ташуу жана сактоо үчүн жасалгаларды таңгактоо иштери көрсөтүлдү. Дем алыш күндөрү шаар ичиндеги тарыхый жерлерге барып, неолит доорунда курулган үйлөрдү реставрациялоо иштери менен тааныштык.

Өз кабарчы.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер