«ЖАШ МУУН» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ

  • 13.04.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жаш муун» аттуу интеллектуалдык оюну өттү.

Иш-чараны студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана билимин өркүндөтүү максатында  физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети уюштурду. Жети команда катышты. Анын экөө сырттан чакырылган конок команда болду.

Сынакка университеттин жаштар иштери боюнча комитеттин жетекчиси Айдаров Азамат, факультеттин окутуучусу Көчөрбаева Бермет жана факультеттин тарбия иштери боюнча координатору Смайылбек кызы Чолпон көз салып, калыстык кылышты. Интеллектуалдык оюн кызыктуу өтүп, студенттер таланттарын жогорку чеберчиликте кѳрсѳтүштү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер