ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРКЫН КЫЯЛДАРЫ

  • 25.10.2019
  • 0

22-октябрдагы маалыматка ылайык, жаңы окуу жылында республикабыздын мектептерине 1112 жаш кадр мугалимердин катарын толуктады.

ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРКЫН КЫЯЛДАРЫ

Жаңы окуу жылындагы окууучулардын алгачкы чейреги менен бирге, мугалимдик чыйырга жаңы аттанган жаш адистердин да биринчи чейрегинин чети көрүнүп, алгачкы мөмөсүн татуу алдында турушат. Алардын бири Бишкек шаарындагы №2 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жылдыз Таалайбекова Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылындагы мектепти аяктагандан кийин, КУУнун кыргыз тили жана адабияты факультетинен бюджеттик негизде билим алган. Мамлекетке эки жыл иштеп берүү максатында иш издеп, министрликтин кадрлар бөлүмүнө келгенде, ал жерден Бишкек шаарындагы №2 мектепке жиберишкен. Мектеп жамааты жаш адисти кандай кабыл алгандыгы, ачык сабакты башкача даярдап коюп, күлкүлүү кырдаалга кабылганы тууралуу ал бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди.

— Мен мектепке барганда, дароо эле Дилбара Суеркуловнаны насаатчы дайындап коюшту. Ал эже мага журналды кантип, кандай калем менен толтуруу керектигин, сабакты кандай өтүү керектиги, кем-карчтарынан өйдө баарын көргөзүп берген. Өзүнүн сабагына киргизип, менин кандай сабак өтүп жатканымды текшерип, айтор ушул убакка чейин үйрөтүп келаткандыгы үчүн насаатчыма аябай ыраазымын. Мен өзүм мектептен эле мугалим болууну эңсөөчүмүн, балким ошондон болсо керек, мага балдар менен иштеген аябай жагат. Жаңы иштегенде кээде билбестиктен, ар кандай кырдаалдарга кабылып калат экенсиң. Мен да бир жолу ушундай болдум. Мага ачык сабак өтүү тапшырма беришкен. 5-класстын окуучуларына “Бугу Эненин жомогун” сахналаштырып даярдагам. Анан, мугалимдин саны канчалык көп катышса, жакшы болот деген ойдо, мугалимдердин баарын чакырып алыптырмын. Менин ачык сабагыма келишкен мугалимдер бир чети таң калгандай, бир чети мени мактап, көңүлүмдү көтөрүп тарап кетишти. Бирок арасынан жылмайгандарын да байкап калып сурасам, бир эжейим ачык сабакты мугалим өзү өтүшү керектигин айтып берди,-деп Жылдыз алгачкы ачык сабагын кантип өткөнүн эстеп күлдү.

Азыр Жылдыз ал мектепте эки жыл иштеп бүтүп, эми ошол жерде биротоло иштеп калды. Буга эмгек жамааттын ынтымактуулугу, жаш-кары дебей бири-бирин колдоп турушканы себеп болсо керек деп ойлойт. Анын үстүнө өзүнүн үйү болгондуктан, башка жаш адистердей батир издеп кыйналган жок. 2018-жылы Манас-Түрк университетинде өткөн “Кыргыз тилин башка тилдүүлөргө кантип үйрөтүү керек?” деген темадагы семинарга катышып сертификат алган. Мындай окуулар Жылдызга аябай жагат, андай семинар-тренингдерден көптү үйрөнсө болот деп эсептейт. Акчасы аз, бирок аны балдарга арнаган сүйүүсү менен толуктап, мугалимдик ыйык кесипти аздектеп иштей берүүгө даярмын дейт жаш адис.

Мектепте жаштардын талабына шайкеш шарт болушу керек

ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРКЫН КЫЯЛДАРЫ

Ысык-Ата районундагы Ч. Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп гимназиясынын

директору Дарика Макешовна Сартбаеванын эмгек жамаатына быйыл эки жаш адис келди. Буга аябай кубанган Дарика Макешовна акыркы жылдары жаш мугалимдердин саны азайып баратканын, анын себеби эмнеде болуп жатканын жана канткенде мугалим кадрлардын санын эле эмес, сапатын да жогорулатууга болору тууралуу биз менен ой бөлүштү.

— Биздин мектепте 74 мугалим иштейт. 13 мугалимибиз – Билим берүүнүн мыктысы. Башка мектептердей эле бизде да мугалим кадрлар тартыш болуп тургандыктан, жыл сайын мугалимдердин катарын жаш мугалимдер менен толуктоого туура келет. Быйыл да орус класстарында кыргыз тили мугалими керек болуп,  райондук билим берүү бөлүмүнө өтүнмө менен кайрылганбыз. Ошол себептүү кыргыз тили адабияты сабагынан Саткынбүбү Асаналиева бизге жолдомо менен келип, 30 сааттык жүктөм менен иштеп жатат. Класс жетекчилик милдетти да аткарууда.  Адаттагыдай эле методикалык жактан да, класс жетекчилик иштер боюнча да жардамдашуучу  насаатчы мугалим бекитилди. Саткынбүбү буга чейин Бишкек шаарында батирде жашачу экен, шаардан келип-кетип иштөөгө мүмкүн болбогондуктан, турак жайды өзүбүз таап, жергиликтүү бийликтегилер менен сүйлөшүп, батир акысын төлөө маселесин да чечип бердик. Мектепте кыйналбастан, жакшы иштеп кетүүсүнө колдон келген шартыбызды түзүп жатабыз,-дейт директор айым.

Ивановка №1 мектеп-гимназиясына барган экинчи жаш адис – орус тили жана адабияты мугалими Елена Иванова. Ал ошол айылдын кызы болгондуктан,  ал үчүн мектепте иштөөдө эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. Насаатчысынан үлгү алып, жакшы иштеп жатат.

— Мектепке жыл сайын  жаш мугалимдер келишет. Аларды мектепке жайгаштыруудан да үй шартына ыңгайлуулуктарды түзүп берүүдөн ар жылы чоң маселелер жаралбай койбойт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жакшы эле колдоо көрсөтүп турат, бирок дайыма эле бизге ылайыктуу мүмкүнчүлүктөрү боло бербейт. Жаш кадрлардын, айрыкча, мугалимдердин айыл жеринде токтобой кетип жаткандарынын бир себеби ушул деп ойлойм. Эмгек акынын төмөндүгү да жаштардын мектептен кетип калуу  себептеринин бири болуп келген. Азыркы жаштардын талабы бийик, көп нерсеге жетишүүнү каалашат. Ал талаптарына жетүү үчүн тапкан маянасы да көбүрөөк болушу керек. Эгерде жаштардын талаптарына жооп бере албасак, алар өздөрүнө жаккан тармактарга ооп кетишет, андайда биз “кетпе” деп колунан кармап кала албайбыз.

Ошондуктан  мамлекет тарабынан ушул маселе тереңирээк  каралып, айыл өкмөттөрү да мугалимдер үчүн турак жай, отун-суу бөлүп берип, ыңгайлуу шарттар түзүлсө, жаш мугалимдердин катары жыл сайын толукталып тураар эле,-дейт Дарика Сартбаева.

 

Мен эмне үчүн мугалимдик кесипти тандадым?

— Анткени мен өзүмдү кыргыздын патриот кызымын деп эсептейм-деп биз менен ой бөлүштү, жаш адистердин бири Саткынбүбү Асаналиева. Ал 2019-жылдын сентябрь айынын бери Ысык-Ата районундагы Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп иштеп жатат.

— 2019- жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин  филология факультетинин «Билим берүү  кыргыз эмес мекемелеринде» бөлүмүн аяктап, аталган мектепке жолдомо менен келдим. Өзүм болсо Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тогуз-Булак айылынан болом. Ишке келген алгачкы күндөн тартып эле эмгек жамааты мени жакшы кабыл алып, жылуу маанай менен тосуп алды. Кантсе да бөлөк жер, бөлөк эл дегендей, албетте, алгач чоочуркануу сезимдер болду. Бирок иш менен алаксып кетип, өзүм да кантип көнүп калганымды билбей калдым окшойт. Мага балдар менен иштешкен аябай жагат, балдардын дүйнөсү ушунчалык кызыктуу сезилгендиктен, бир күнүң экинчи күнүңө такыр окшобойт. Өзүм башка жердин кызы болгондуктан, бир чети Ивановка айыл өкмөтүндө мугалимдер үчүн турак-жай каралбагандыктан, алгачкы күндөрү бул маселе ыңгайсыздыктарды туудурду. Бирок, мектеп администрациясы, тагыраак айтканда, мектеп директорунун аракети менен турак жай табылды. Ал айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен макулдашууларды жүргүзүп, батир үчүн төлөнүүчү акыны айыл өкмөтү өз мойнуна  алуусуна жетишти.

Мен өзүмдү патриотмун деп эсептейм, кыргыз тил адиси болгон үчүн да болсо керек, мен кыргыз тилин эне тил катары да, эн негизгиси, мамлекеттик тил катары барктап, баалап жүрүшсө деп ойлойм. Ушул кесипти тандап алганым да ошол себептүү. Башка кесиптештерим сыяктуу мен да эне тилибизди өркүндөтүүгө, жайылтууга өз салымымды кошкум келет,-деген патриоттук сезимин билдирди Саткынбүбү.

 

Мен эмне үчүн мугалимдик кесипти тандадың дейсизби?

— Эмне үчүн дегенде мага балдар менен иштеген аябай жагат. Балдарга билгенимди үйрөтөм, алардан бирдеме үйрөнөм дегендей, анткени жан дүйнөсү таза балдардан да көп нерселерди үйрөнүүгө болот. Мен Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири – Карагай-Булак айылында туулуп-өскөм. Бул керемет айыл курорту менен алыс-жакынга таанымал Ысык-Ата районунда жайгашкан. Мен алты жашымда ата-энем Ивановка станциясына ишке орношуп көчүп келишкен боюнча ушул жерди мекендеп жашап калдык. Башка курбуларым сыяктуу эле мектепте окуп жүргөн кезден баштап кандай кесипти тандасам деп ойлонуп жүрүп, акыры мугалимдик кесипке токтогом. Менин мындай чечим кабыл алышыма менин бир мугалимим түрткү болду. Бишкек гуминатардык университетинде билим алган соң, башталгыч класстын мугалими болуу кыялымды ишке ашырууну чечтим. Мен Ивановка №1 мектебин да бекер жерден тандап алган жокмун, анткени ал Ысык-Ата районундагы эң алдыңкы мектептердин бири болуп эсептелет. Эки ай иштеген убакыт аралыгында кесибимди туура тандаганыма ынандым. Менин мугалим болуу кыялым ишке ашуусуна мага жардам беришкен кесиптештериме ыраазымын жана өзүмдү бактылуу сезем,-дейт Елена.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер