“ЖАШ МУГАЛИМДЕР МЕКТЕБИ” ӨЗ ЖЕМИШИН БЕРҮҮДӨ

  • 16.04.2018
  • 0

Баткен шаарындагы  В.И.Ленин атындагы  орто мектебинде “Жаш мугалимдер мектеби” 2016-жылдан бери өз ишмердигин  жүргүзүп келет. Аны тарых мугалими Фуркат  Авлиёев  жетектейт.

Фуркат  Авлиёевдин берген маалыматына таянсак,   Жаш мугалимдер мектеби жамаатка дем-күч берип, жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктантты.

  • Педагогикалык усулдарды жаңы технологияларды сабакта колдонуу жолдорун үйрөтүү жана билим, тарбия берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмаларын, сабак өтүүнүн чеберчилиги тууралуу да түшүндүрмөлөрдү жаш мугалимдерге үйрөтүп келем. Жаш адистердин мектеби ай сайын эки жолу окуу семинарларды, ошондой эле жаш мугалимдер менен  тажрыйбалуу мугалимдер ортосунда жолугушууларды өткөрөбүз.

Жаш мугалимдер бир багытты көздөй иш алып барганда көптөгөн ийгиликтер жаратат экендигин 2016-жылдан бери далилдеп келатат. Ошондой эле жаш мугалимдер мектебинин  алкагында окуучу менен мугалим ортосундагы мамиледеги көйгөйлөр, сабак учурунда  кантип тартипти сактоо маселелери дагы натыйжалуу жолго салынууда, — дейт  Фуркат  Авлиёев.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим” 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер