ЖАШ МУГАЛИМ, МЕКТЕП БИЗДИ КҮТӨТ!

  • 26.02.2019
  • 0

Мен Айтибаева Алия Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Орунбай Курбанбаев атындагы орто мектебинин жаран таануу сабагынын мугалимимин. Өзүм мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Үй-бүлөдөгү беш баланын экинчисимин. Негедир ата-энемдин мектепте иштегени мага жакчу. Алардын үйгө келгенде да сабакка даярданып, мектептеги ийгиликтерин бири-бирине айтып берип, сыймыктангандары мени тээ алыстагы кызыктуу дүйнөгө жетелегендей болчу.

ЖАШ МУГАЛИМ, МЕКТЕП БИЗДИ КҮТӨТ!

 

Балалык чагымда досторум менен ойногондо “Мен мугалиммин, силер окуучусуңар, мен силерди окутам” деп мугалимдик постту ээлеп алчу  элем. Кичинемен эле лидер болууну каалап, башкалардан озунуп, ой-пикиримди билдирип, мактоо алганды жакшы көрөт элем. Ошентип, мугалимдик кесип бешенеме жазылып, Ош социалдык университетинин тарых мугалими адистигин ийгиликтүү аяктадым. Учурда экинчи билим алууну эңсеп, аталган окуу жайдын юридикалык бөлүмүндө сырттан окуп жатам. Эмгек жолумду Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык аймагына караштуу Орунбай Курбанбаев атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп иштөөдөн баштадым. Мен иштеген мектепте Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары, устат мугалимдер, жаш адистер иштейт.

Мен жаш кесиптештериме: “Бизге мамлекет эмне жардам кылды деген суроонун ордуна биз мамлекетке кандай салым кошо алабыз”, — деген суроону өзүбүзгө берсек жакшы болоор эле деп айтат элем. Бардык адамдар мамлекеттен үмүт кылып отура бербей аракет жасап, алга умтулуп жашасак дейм. Мен өзүм эртеден кечке эмгектенип, коомго кереги тие турган мыкты инсандарды тарбиялап өстүрсөм деп тилек кылам. Кесиптештерим, үй-бүлөм менен кеңешип, учурда “Исхак” окуу борборун ачып, иштеп жатам. Окуу борбордо негизинен жалаң жаш мугалимдер эмгектенет. Алыскы райондордо иштеп жаткан мугалимдердин жол чыгымдарын, тамак-ашка кеткен каражаттарын, убактыларын  үнөмдөө максатында жеринде компьютердик курс уюштуруп, мугалимдерди окутуп жатабыз.

Барган  жерлерибизде улуу муундагы тажрыйбалуу мугалимдердин кеп-кеңешин угуп, окутуп, окуп, алардан көп нерселерди үйрөнүп келебиз.  Жаштардын жасаган иштерин алкап, стимул берген улуу муундагы агай-эжейлерге рахмат айткым келет. Алар бизди шыктандырган сайын, жаңы идеялар пайда болуп, бардык кыйынчылыктарга карабай иштегибиз келет.

Маянанын аздыгын көңүлгө албай, жакшылыктан үмүт кылып иштейличи! Кесипти тандагандан кийин анын өтөөсүнө чыгып, ишти  ийинине жеткире аткарып, сүйүп, ардактап, даңктап иштеш керек экендигине ынанам. Биз, жаш мугалимдер,  чарчай турган убагыбыз келе элек. Ошондуктан ар дайым жалкоолукту коюп, изденүү менен талыкпай иштешибиз керек.

Президентибиздин Жарлыгына ылайык, 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы деп жарыяланып, жарыяланган  жылдын алкагында  “Исхак” окуу борбору да облустун аймагындагы мектептерге барып, компьютердик класстарды иретке келтирип, локалдык сетке туташтыруу менен сыналгылар менен иштөөнү үйрөтүп, ар бир мектепте тесттик базаны түзүү, интерактивдүү доскаларды иштетүүгө көмөктөшүп, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга  салым кошуп, усулдук жардамдарды берүү менен тесттик борборлорду түзүүгө көмөктөшүп жатабыз. “Учам дегенге канат бол, угам дегенге санат бол” дегендей, бизди колдогон жетекчилерибизге, мугалимдерге, ата-энелерге, окуучуларга ыраазы болуп, демибизге дем, шыгыбызга шык кошулуп жатканын айтаар элем.

Учурда  информатика  мугалим мектепте бир нече милдетти аткарууну өз мойнуна алып алгандай. Атап айтсам, предметин окутат, сервистик кызматтарды жөнгө салат, компьютердик класстын жоопкерчилигин алат, усулдук жардам көрсөтөт ж.б. Бирок анын баарына ал жетише албайт. Ошондуктан мезгил талабына жараша ар бир мугалим заманбап жаңы техникаларды пайдаланып, сабактарын кызыктуу өтүүгө далалат жасашы шарт. Ошондо гана информатика  мугалиминин  түйшүгү жеңилдейт.

Педагогикалык ишти айтып отурса абдан эле узун сабак. Андан көрө келгиле жаштар жалкоолукту таштап, изденип иштейли! Устат мугалимдердин колунан ишин алалы. Алардын мол тажрыйбасынан пайдаланалы. Себеби мектеп бизге окшогон жаш мугалимдерди күтөт!

 

Алия Айтибаева, Кара-Суу районундагы Орунбай Курбанбаев атындагы

орто мектебинин жаран таануу сабагынын мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер