ОШ ШААРЫНДА “МУРАС” БАЛА БАКЧАСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

  • 26.08.2026
  • 0

25-август күнү Ош шаарындагы  “Мурас” мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин наристелер үчүн эшигин кайрадан ачты. Билим берүү мекемесинин ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышты. ОШ ШААРЫНДА  “МУРАС” БАЛА БАКЧАСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

Курулуш жана оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоордун алкагында бала бакчанын биринчи кабатындагы эшиктер жана пол төшөлмөлөрү алмаштырылып, чатыры жаңыланган. Ошондой эле, имараттын сырты жылууланып, травертин менен капталып, заманбап талаптарга жооп бергидей абалга келтирилген. ОШ ШААРЫНДА  “МУРАС” БАЛА БАКЧАСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы Жанарбек Акаев келечек ээлери болгон балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү шаар бийлигинин башкы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгилеп, тарбиялануучуларга жана педагогдорго ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде жергиликтүү тургундар жана ата-энелер балдардын билим алуусуна түзүлгөн мыкты шарттар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. ОШ ШААРЫНДА  “МУРАС” БАЛА БАКЧАСЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

Капиталдык оңдоодон өткөн “Мурас” балдар бакчасы мындан ары бөбөктөрдүн заманбап жана жайлуу чөйрөдө сапаттуу билим жана татыктуу тарбия алуусуна толук мүмкүнчүлүк түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер