ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ
- 30.10.2023
- 0
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл амагына караштуу Дыйкан айылындагы А. Капаров атындагы орто мектебинде райондук денгээлде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы жана жаш манасчылардын кароо-сынагы болуп өттү.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын берген маалыматына таянсак, иш-чара алгач мектеп жамааты даярдаган “Манас” эпосунан үзүндү сахналаштырып чагылдыруу менен башталып, кыргыздын улуттук азыктары көргөзмөгө коюлду.
Бул уюштурулган райондук кароо-сынак иш-чарасына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ж.Жантелиева, коомдук ишмер А.Баатырбеков, мектеп директорлору жана мугалимдер катышып, окуучулардын кыргызча, орусча, анлисче манас айтуусуна күбө болушту.
Сынакка райондогу бардык мектептерден келген окуучулар катышып, комиссия тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, диплом, медаль жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Бул кароо-сынактын жеңүүчүлөрү алдыда боло турчу облустук турда күч сынашат.
Аталган кароо-сынак Жаңыбай Кожековдун 155 жылдык мааракесине карата Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулган.
Иш-чаранын соңунда жаш манасчыларды тарбиялоого, “Манас” эпосун жайылтууга салым кошкон мугалимдер атайын төш белги, ардак грамоталар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, бул кароо-сынак райондо 14-ирет өтүүдө.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер