ЖАШ КОТОРМОЧУЛАРДЫН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЭМГЕКТЕРИ ТАРТУУЛАНДЫ

  • 30.11.2017
  • 0

28-ноябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетине караштуу синхрондук котормо бөлүмү тарабынан «Жаш котормочулар балдарга» аттуу иш-чара өткөрүлүп, мектепке чейинки балдарга арналган китептер сунушталды. 

Окутуучулар менен студенттердин жасаган иштерин коомчулукка тартуулоо, университет менен мектепке чейинки уюм-мекемелердин, орто мектептердин  байланышын чыңдоо, билим берүү, тарбиялоо иштери боюнча кызматташууга чакыруу максатын көздөгөн иш-чарада синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери арасында өткөн «Мыкты котормочу» конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн «Менин алгачкы котормом» сериясындагы котормолорунун алгачкы китептеринин бет ачары болуп, мектеп жашына чейинки балдарга жана мектеп окуучуларына арналган материалдардын топтомун сунушташты. Андан сырткары котормо бөлүмүнүн окутуучуларынын 20дан ашык китептеринин жана котормолорунун бет ачары да өткөрүлдү. «Мыкты котормочу – 2017» конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, кайрадан кийинки окуу жылына конкурс жарыяланды.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, китептерди редакциялап, басмага сунуштаган Кыргыз Жазуучулар союзунун котормо жана балдар адабияты бөлүмдөрүнүн жетекчилери, чыгармалары түрк тилине которулган балдар жазуучусу Токтосун Самудинов катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер