«ЖАШ КАНАТ»

  • 08.05.2020
  • 0

Бишкек шаарындагы Ж.Шералиев атындагы №6 музыкалык мектептин  «Жаш канат» элдик хореографиялык ансамблинин түзүлгөнүнө быйыл сегиз жылдын жүзү болду.

«ЖАШ КАНАТ»

Ансамблдин жетекчиси Канат Фаткулиндин айтымында, ушул аралыкта көптөгөн чыгармачылык ийгиликтерди жаратышты.

«ЖАШ КАНАТ»

«ЖАШ КАНАТ»

«ЖАШ КАНАТ»

«ЖАШ КАНАТ»

— Ансамбль өлкөнүн бардык маданий иш-чараларына активдүү катышып келатат. Кыргызстандын желегин эл аралык сынактарда желбиретип, көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болдук. Анын ичинен ансамбль 17 жолу гран-принин ээси. Бизде жалаң өз кесибин сүйгөн, кесипкөй педагогдор эмгектенишет. Репертуарыбыз ар түрдүү жанрдан түзүлгөн. Көздүн жоосун алган костюмдар тигилген. Шартка байланыштуу азыр онлайн режиминде иштеп жатабыз. Алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Быйыл жай мезгилинде өтчү «Ысык-Көл толкунунда» аттуу VII балдардын эл аралык сынагына катышып, өзүбүздүн чыгармачылыгыбызды көрсөтүп, жаңы досторду таап, позитивдүү эмоцияларды алабыз деген ниетибиз бар, — дейт ансамблдин жетекчиси.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер