ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

  • 01.12.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VII аймактык студенттик илимий конференция онлайн өттү.

ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Ага түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан алдыңкы студенттери, магистранттары жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жалпы конференциянын катышуучуларын куттуктап, ушундай иш-чаралардан келечекте илимдин докторлору, кандидаттары, профессорлору  өсүп чыгарын белгиледи. Пленардык жыйында  БатМУнун  Сүлүктү аймактык институтунун  студенти  Узакбай уулу Кайрат «Каныбек Исаков – мыкты илимпоз, көрөгөч жетекчи, жана улуу устат»,  ОшМУнун студенти Алиева Зинат «Онлайн формасындагы билим берүүнүн актуалдуу маселелери», ОшМУнун студенти  Насыров Хасыл «Особенности течения коронавирусной инфекции у различных возрастных групп населения»,   К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенти Алмазбекова Айданек  «Ишкердүүлүк – экономикалык кыймылдаткыч күч» деген темаларда баяндамаларды жасап, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

ЖАШ ИЛИМПОЗДОРДУН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Конференциянын иши 11 секцияда уланып, ар бир секция өз-өзүнчө онлайн форматта ишмердүүлүгүн жүргүзүштү.

«Аймактык студенттик илимий конференция бизде салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы конференция  онлайн форматта уланууда. Иш-чаранын максаты – студенттерди илимий изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт. Конференцияга 300гө жакын илимий макалалар түшүп, алар пленардык жана секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды», — деди ОшМУнун илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева.

Конференциянын видео материалы: https://www.facebook.com/oshmu.nur/videos/835839070536905

Бөлүшүү

Комментарийлер