ЖАШ ИЛИМПОЗ, ИЗИЛДӨӨНҮН ТЕОРИЯЛЫК ПАЙДУБАЛЫН ТҮЗГӨНДҮ БИЛЕСИҢБИ?

  • 26.05.2020
  • 0

Онлайн Университетинин Изилдөө лабораториясы 27-майда саат 15.00дө жаш илимпоздор үчүн «Изилдөөнүн теориялык пайдубалын түзүү» аттуу кезектеги вебинарын өткөрөт.

ЖАШ ИЛИМПОЗ, ИЗИЛДӨӨНҮН ТЕОРИЯЛЫК ПАЙДУБАЛЫН ТҮЗГӨНДҮ БИЛЕСИҢБИ?

Анда изилдөөдө адабиятты издөө ыкмалары, адабиятта «боштуктарды» табуу (gap in literature), адабияттарды иреттөө куралдары (zotero, mendeley ж.б.) туурасында кеңири маалымат берилет. Ошону менен бирге эле теория деген эмне жана аны кайдан табабыз деген суроо талкууланат. Илимий иште теорияны колдонуу усулдары, топтолгон маалыматтын негизинде теорияны жактоо, сындоо жана кеңейтүү туурасында сөз болот.

Спикерлер Германиянын Түбинген университетинин Антропология программасынын докторанты жана окутуучусу Гүлзат Баялиева менен Түбинген университетинин антропология кафедрасынын аспиранты Айбек Самаков болот.

Белгилей кетсек, Гүлзат Баялиева Шамалды-Сай шаарчасынын негизинде постиндустриалдык шаарлардын тарыхын жана жергиликтүү калктын айлана-чөйрөсү менен болгон мамилесин, ал эми Айбек Самаков Сыр-Дарыя суусунун төмөн агымында жайгашкан жергиликтүү калктын айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө көнүү ыкмаларын изилдеп келишет.

Эске салсак, Онлайн Университетинин Изилдөө лабораториясы кыргызстандык жаш изилдөөчүлөргө Web of Science, Scopus сыяктуу дүйнөлүк реферативдик маалымат базаларына кирген илимий журналдарга макала жазуу эрежелерин, изилдөө баскычтарын үйрөтүү жана кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчасы: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

ZOOM вебинарынын идентификатору: 955 5294 2159

Пароль: 787829

Бөлүшүү

Комментарийлер