ЖАШ БАЛБАН КЫЗГА ГУБЕРНАТОРДОН БЕЛЕК

  • 26.08.2021
  • 0

Кыздардан чыккан дагы бир балбан кызыбыз Калмира Билимбекованы КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев кабыл алып, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Нарын облусунун губернатору жакында эле эркин күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде күмүш медалга ээ болгон Калмира Билимбекова менен бирге анын машыктыруучусу, атасы Билимбек Капарбековду да куттуктап, ыраазычылык кат жана белекке кол саат тапшырды.

Жолугушууда жаш балбан кызыбыз учурда КМШ өлкөлөрүнүн биринчилиги үчүн Казань шаарында өткөрүлө турган мелдешке даярдык көрүп жатканын айтты.

— Алдыдагы чоң максатым — 2024-жылы Францияда өтө турган олимпиада оюндарына катышып, жеңишке жетүү, — дейт, жаштар арасында өткөн дүйнө биринчилигинде күмүш тагынган балбан кыз.

Эскерте кетсек, Калмира Билимбекова 13-22-август күндөрү Россиянын Уфа шаарында күрөш боюнча жаштар арасында өткөрүлгөн дүйнө биринчилигине катышып, 55 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан эле.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер