ЖАШ АДИСТЕР АНГЛИС ТИЛИН АКЫСЫЗ ҮЙРӨНҮШӨТ

  • 22.09.2020
  • 0

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги “Лингва” инновациялык билим берүү Фонду менен биргеликте Бишкекте жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында “Жаш адистерге англис тили” программасынын үчүнчү тайпасын баштайт. Программа 1500дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлери, басма сөз кызматкерлери жана жарандык коомдун мүчөлөрү үчүн бир жылдык англис тил курстарын акысыз өткөрөт.

“Жаш адистерге англис тили” программасы мамлекеттик кызматкерлерге, медиа адистерге жана жарандык коомдун кызматкерлерине АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү максатында англис тилин үйрөнүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк берет. 2020-жылдын программасына кабыл алуу азыр жабык.

Бишкек шаарында 23 министрлик жана мамлекеттик органдар программага катышат, анын ичинде Ички иштер министрлиги (39 кызматкер), Транспорт министрлиги (43 кызматкер), Экономика министрлиги (69 кызматкер), Каржы министрлиги (23 кызматкер), Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (51 кызматкер), Бишкек шаарынын мэриясы (54 кызматкер), Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппараты (43 кызматкер) ж.б. мамлекеттик кызматкерлердин жана журналисттердин 34 тобу Бишкекте, 14 тобу — Ошто, 3 тобу — Жалал-Абадда, 4 тобу — Каракол шаарында, 1 тобу Чолпон-Ата шаарында, 3 тобу Нарында, 1 тобу Баткенде, жана 2 тобу Таласта.

“Жаш адистерге англис тили” программасынын алкагында 2019-жылы 568 катышуучу 200 сааттык билим алышты. Программанын катышуучуларынын катарына Ички иштер министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, Жогорку Кенеш, Мамлекеттик кадр кызматы, Интеллектуалдык менчик кызматынын кызматкерлери жана башкалар киришкен. Долбоор 2018-жылдын ноябрь айында башталып, Кыргыз Республикасынын беш географиялык аймагында иштеп келген.

Программанын катышуучулары чет өлкөлүк алдыңкы басмаканалар тарабынан чыгарылган сапаттуу окуу китептери менен камсыз болушат. Сабактар жогорку квалификациялуу мугалимдер тарабынан окутулат жана жогорку деңгээлдеги студенттер менен иштөө үчүн эне тилинде сүйлөгөн мугалимдер дагы бар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер