ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫНАН АРТТА КАЛБАЙЛЫ

  • 16.02.2023
  • 0

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫНАН АРТТА КАЛБАЙЛЫ

Билим берүү системасы жасалма интеллект доорундагы жаңылыктардан артта калбай,  технологиялык өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашуусу керек. Бул актуалдуу маселеге Билим берүү жана илим министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнчө токтолуп, ChatGPT чат-бот жасалма интеллектин өздөштүрүүнүн мааниси жөнүндө баса белгилеп айтып кетти.

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫНАН АРТТА КАЛБАЙЛЫ

Бул үчүн маалымат технологиялары чөйрөсүндөгү окуу программалары күчөтүлүп, программалаштыруу, маалыматтарды иштөө жана талдоо боюнча атайын курстар киргизилиши керек. Жасалма интеллект менен иштөө, машиналардын алгоритм окуусун түшүнүү, чыгармачылык ойлом менен маселе чече билүү, технологиялык өзгөрүүлөргө тез, ийкемдүү ыңгайлашуу, коммуникация, лидерлик сыяктуу социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү абдан маанилүү.

ChatGPT жаңы иштелип чыккан универсалдуу чат-бот, ал OpenAI компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Бардык колдонуучуларга жеткиликтүү.

Аны изилдөөчүлөрдүн айтымында, ChatGPT жашоону олуттуу өзгөртө турган жасалма интеллект. Көп  тапшырмаларды аткара алат, кээ бир убакта адамдын ордуна иштеп, жардамчы боло турган потенциалы бар. Ал диалог режиминде иштейт, текст, ыр, сценарий жазып, которуп, керек болсо талашып-тартыша алат.

Башка чат-боттордон айырмаланып, ChatGPT керектөөчүнүн абалын карап турат, мурдагы суроолорду жана ага берилген жоопторду эстеп калат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер