ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАН

  • 05.02.2025
  • 0

Кыргызстандагы атактуу ишкер, меценат,  мамлекеттик жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков 70 жашка толду.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНШериктеш өлкөлөргө, бүтүндөй Борбор Азияга таанымал “Дордой” ассоциациясын негиздеген атактуу ишкер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Нарын облусунун экс-губернатору,  Бишкектин экс-мэри Аскар Салымбековдун билим берүүгө, маданият жана спортту өнүктүрүүгө жумшаган эмгеги зор. “Аскар Салымбеков фонду”, “Салымбеков университети”, “Акыл тирек” долбоору жана окуу борборлору аркылуу өлкөбүздүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жалпы 400 млн сомдой каражат жумшады.

“Аскар Салымбеков Фонду”  2012-жылы декабрда Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен негизделген. Учурда Фонд өлкөбүздүн бардык аймактарын камтыган уюмга айланып, эксперттер, жаш окумуштуулар менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, коомдук, эл аралык жана жаштар уюмдары алака түзүп, жогорку окуу жайлар жана мектептер менен кызматташып келет. Амангелди Жумадилов жетектеген бул фонд билим берүү, илимий, кайрымдуулук, патриоттук жана экологиялык ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда. 2012-жылдан 2020-жылга чейин фонд тарабынан 29,9 млн сом суммасындагы долбоорлор ишке ашырылып, суммасы 50,2 млн сомго жеткен демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары көрсөтүлгөн. Бул каражаттар жаштарды, илим-билимди колдоого, өнүгүүнү стратегиясын иштеп чыгууга, маданият менен тарыхты колдоого, стартап жана социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө, ошондой эле китептерди басып чыгарууга жумшалган.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНБилим берүү жана жаштар

Билим берүү тармагында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып келүүдө. Учурда фонд уникалдуу комплекстик билим берүү программасына ээ. Ал көбүнчө “Салымбековдун Бизнес Мектеби” деген бренд менен жалпыга белгилүү болуп таанылган. Бул мектеп кошумча билим берүү жаатында жогорку кесипкөй машыктыруучулар жана окутуучулар тутуму менен башкаларга караганда артыкчылыктуу. Алардын ичинен фонддун автордук программасынын лидерлик мектеби өзгөчө орунда турат. Лидерлик мектеп өзүнө ишенген, өз дарамети менен убактысын натыйжалуу пайдалана билген, ийгилик жаратууга жана алдыга умтулууга жакын жаштарды даярдоо үчүн түзүлгөн. Фонд жеке адамдык сапаттарды өстүрүүгө (soft skills) жаштарды шыктандырган таалимди жайылтуу боюнча лидер болуп таанылып калды. Лидерлик мектептерден насаат алган эки миңден ашуун мектеп окуучулары, студенттер учурда зарыл болгон адамдык жеке өсүү (soft skills) боюнча заманбап билимге ээ болушту. Андагы негизги багыттар —  алдыга максат коюу жана ага жетүү, натыйжалуу коммуникациялар, тайм-менеджмент, каржы сабаттуулугу, лидерлик жана ораторлук чеберчилик, сезимтал интеллект, курч ой жүгүртүү, уюштуруучулук жөндөм, бизнес пландоо ж.б.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНОшондой эле «Агартуу лигасы» долбоорунун алкагында адамдык жеке өсүү боюнча билимге кыска мөөнөттүү курстардын жардамы менен ар кайсы аймактардан 30 миңден ашуун мектеп окуучулары, студенттер жана жаштар ээ болуштун. Калктын компьютердик жана IT сабаттуулугуна да зор көңүл бурулууда. Бул багытта 350 киши веб программалоо, SEO оптимизациялоо, SMM иштери, графикалык дизайн боюнча билим алышты. Өлкөбүздүн бардык облустук борборлорунда робот техникасы, 3Д моделдөө курстары ачылды, бул багытта компьютерлер, проекторлор, 3Д принтерлер, робот техникасы боюнча топтомдор бекер берилди. Аймактарда билим берүү үчүн окутуучулар даярдалды. 2019-жылы «Технолэнд» Билим берүү жана спорттук робот техникасынын республикалык федерациясы менен биргеликте биринчи жолу Technoland. kg робот спорту боюнча республикалык чемпионат уюштурулду.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНӨзгөчө англис тилин – технология, илим, инновация, эл аралык бизнес жана баарлашуу тилин жайылтууга көңүл бурулууда. 2017-жылы фонд Билим берүү жана илим министрлигине өлкөбүздүн жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларга чет тилинен сабак берген 3000ден ашуун англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн колдоо көрсөткөн.  Тынчтык Корпусу волонтерлору менен биргеликте англис тилин үйрөнүү боюнча кышкы жана жайкы лагерлер уюштурулуп, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстар ачылды. Англис тилин жайылтуу жана онлайн окуу үчүн «English Show» теледолбоору ишке ашты. 2017-жылы лингвисттер жана англис тили мугалимдери үчүн Индиядан келген профессор Буванашвера Чилукури менен семинар уюштурулду. Бул семинарлар Кыргызстандык адистерге эне тили жана чет тилин окутуунун уникалдуу техникасын өздөштүрүүгө шарт түзгөн эле.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАН2022-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына 31 млн сомго эки кабаттуу заманбап мектепке чейинки таалим-тарбия, билим берүү үчүн балдар бакчасы курулуп, пайдаланууга берилген. Себеби, бул айылда 2021-жылы жазындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен балдар бакчасы, мектеп жана башка имараттар талкаланып калган эле.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНОшондой эле жаштар жана билим берүүнүн ар түрдүү долбоорлорун ишке ашырууга 10 млн сомдой каражат бөлүнүп берилип, алар алдыңкы окуучулар менен студенттердин контрагын төлөөгө жана стипендия чегерип берүүгө, «Менин кыялымдагы Кыргызстан» теледолбоорун уюштурууга, жаштардын инновациялык долбоорлорун демилгелөөгө, Роза Отунбаева Фонду уюштурган «Жайлоодогу бала бакча» долбоорун колдоого, «Академия роста» өнүгүү борборунун менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадасына, чет өлкөдө өткөн олимпиадага, конференцияларга катышкан окуучулар менен жаштардын жол кире акысын төлөөгө, алардын чет мамлекеттеги окуусун каржылоого ж.б.у.с. коротулган.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНОшондой эле ар жыл сайын Кыргыз улуттук университетинин, Нарын мамлекеттик университетинин, Дипломатиялык академиясынын эң мыкты окуган студенттерине жана Нарын шаарынын №2 орто мектебинин таланттуу окуучуларына коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору, профессор Гүлмира Мамбеталиева атындагы стипендияны берүү салтка айланган.

Илимди колдоого 50 миллион сом

Илим жана илимий ишмерлер «Акыл Тирек» долбоорунун алкагында колдоо таап келет. 2013-жылдан 2020-жылга чейин долбоор алкагында көптөгөн илимий конференциялар, тегерек столдор, семинарлар ж.б. уюштурулган. Окумуштуулар арасында беш конкурс, ошондой эле жаш окумуштуулар арасында да өзүнчө беш конкурс уюштурулган. Жалпы эсеп менен долбоор алкагында 250дөн ашуун окумуштуу кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу болушкан. 2014-2024-жылдар аралыгында эле «Акыл Тирек» долбоорунун алкагында окумуштуулар менен эксперттердин илимий жетишкендиктерин акчалай сыйлоо үчүн фонд 50 млн сомдон ашык каражат жумшаган.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНСтартап жана социалдык ишкердик

Жаштар арасында ишкердикти жайылтуу жана аймактарда жумушчу орундарын түзүү иштерине карата фонд тарабынан 14 долбоор колдоого алынып, 10 млн сомдон ашуун суммага каржыланды, алардын ичинен билим берүү тармагында 11 (бардык облус борборлорунда жана айрым шаарларда 10 билим берүү борбору, Ат-Башыда бир авто мектеп), айыл чарба тармагында 3 долбоор, кызмат көрсөтүү тармагында 1 долбоор. Жалпы эсеп менен 50 иш оруну түзүлдү. Билим берүү тармагы боюнча бардык облустардын борборунда ишке кирген долбоорлорду баса белгилеп кетсек болот. Алардын ачылышына фонд тарабынан 1,3 млн сом бөлүнүп берилип, ар бир аймакка компьютерлер, проекторлор, 3Д принтерлер, окуу эмеректери сатылып алынып, аймактагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого жумшалган.

Фонддун колдоосу тикелей жардам берүү ыкмасында да жүзөгө ашып жүрөт, ар кандай кайрымдуулук акциялары менен иш-чараларга да көмөк көрсөтүлүп келет. Саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерин колдоого, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, калктын аярлуу катмарына, балдар үйүнө, карылар үйүнө жана башкаларга 100 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАН«САЛЫМБЕКОВ УНИВЕРСИТЕТИ»

«Салымбеков Университети» 2012-жылы негизделип, ал адам ресурсунун өнүгүүсүнө, билим берүүгө, илимдүү жана билимдүү жаштардын жаңы муунун түзүүгө дем берген маанилүү багыттарды аныктаган. Көп профилдүү жогорку окуу жайы болуп, бир нече билим берүү багыттарына ээ. Бүгүнкү күндө университеттин негизинде ийгиликтүү иштеп жаткан беш билим берүү программасы бар: Эл аралык медицина факультети, Кыргыз-Малайзия IT жана бизнес колледжи (башка дипломду кыргыз жана малайзиялык алып бүтүүчү студенттер), Америка технологиялар институту (IT бакалавриаты), Нарын шаарындагы Билим берүү жана инновациялар борбору (STEAM, IT жана soft skills жаатындагы кошумча билим берүү мектеби), Постдипломдук билим берүү факультети. Университеттин стратегиясында келечекте төмөнкү билим берүү программаларын  ачуу пландалган: заманбап педагогика (химия, биология, информатика, англис тили), биотехнология, бизнес жана менеджмент, финансы, эл аралык мамилелер ж.б. Бардык билим берүү программалары лицензиялоо талаптарына жооп берет. Медицина факультети өзгөчөлүгү болуп, 4 жеке жана аффилировандуу  көп тармактуу клиникалары бар, анын экөө акыркы үч жылда ачылган. Окутуучу-профессордук курамында илимдин 8 доктору,  5 профессор,  22 илим кандидаты, 7  доцент эмгектенет.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНУниверситеттин жетишкендиктеринин бири Кыргыз-Малайзия колледжи. Бул долбоордун өзгөчөлүгү, окуу планын малайзиялык Линкольн университети менен биргеликте иштеп чыгып бекиткендиктен, студенттер Кыргызстанда жана Малайзияда окуп, акырында эки диплом алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул уникалдуу мүмкүнчүлүк студенттерге эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Азыркы учурда биринчи бүтүрүүчүлөр Малайзиянын дипломун да алышты.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАН2023-жылы университеттин негизинде Америка технологиялар институту ачылды, ал IT жаатында жогорку билим (бакалавриат) сунуштайт. Бул институт «мозгондордун кайтмасына» жакшы мисал болуп саналат. Себеби, институттун негиздөөчүлөрү жана жетекчилери биздин мекендештер болуп, алар АКШдагы ири технологиялык компанияларда ийгиликтүү карьера жасаган (Meta, Intel, Uber ж.б.) жана жасалма интеллект жана биотехнологиялар тармагында иштешкен. Бул программасынын эксперименталдык окуу планы Силикон өрөөнүнөн 14 адис тарабынан түзүлгөн, алар АКШнын ири технологиялык компанияларынын талаптары жана тенденцияларын эске алышкан.

                 Билим берүү жана инновация борбору

Нарын шаарында Билим берүү жана инновация борборунун имараты ачылган.  Бул Нарын шаарында жайгашкан уникалдуу билим берүү борбору төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат: STEM, IT, англис тили, бизнес, робототехника, мектеп окуучулары үчүн кошумча билим берүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу. Ачылгандан бери 500дөн ашык мугалим химия, биология, математика, кыргыз тили, заманбап окутуу ыкмалары боюнча квалификациясын жогорулатышкан. Бул долбоор жалпы суммасы 35 млн сомду түзгөн жана пилоттук болуп саналат, ийгиликтүү көрсөткүчтөр менен өлкөнүн бардык аймактарында ачылышы пландалган.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАНОшондой эле Ат-Башы районунун администрациясынын кайрылуусу боюнча Ат-Башы айылында IT жана STEM билим берүүчү көп функциялуу моделдик китепкана 35 млн сомго бүткөрүлдү.

Ошентип, Салымбеков Университетинде стационар, поликлиника, операция бөлмөсү жана реанимация менен эки заманбап көп тармактуу клиника ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө университеттик клиникалар заманбап жабдыктар менен жабдылган, биохимия, ИФА жана ПЦР лабораториялары бар. IT багытында окуу үчүн имарат курулду.

2024-жылы онкомаркерлер боюнча анализдерди жүргүзүү үчүн Кыргызстандагы биринчи онкологиялык лаборатория ачылды. Бул лаборатория АКШнын биотехнологиялык компаниясы менен биргеликте ишке ашып, ага 1 млн АКШ доллары кеткен.

Китеп басып чыгаруу

Бүгүнкү күнгө чейин Фонд ондогон китептер менен журналдарды каржылады, алардын катарында «Мой гениальный ребенок» (С.Давлатов), «Мектеп директорлору үчүн атайын стол китеби» (Ч.Тиленбаев), «Токтогул-Анжиян кɵтɵрүлүшүнүн идеологу» (Ы. Өмүрзаков), «Улуттук сырттандыктын идеологиясы» (М. Сапаев), «Генетика жана Селекция» (О. Дүйшекеев), «Аттила – предок кыргызов» (А. Бекбалаев), «Бɵлүнгɵн кыргыз» (Б. Орунбеков), «Көкбөрү жана көкбөрүчүлөр» (Т. Дүйшекеев), «Код слова» (Олжас Сулейменов), футбол боюнча атайын үйрөтүүчү китеп, «Айтумар» балдар журналы ж.б. бар.  Ошондой эле  И.Раззаков атындагы КМТУнун Башкаруу жана бизнес институту менен биргеликте «Кыргызстандагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» аттуу монографияны басып чыгарган. Ошондой эле Ат-Башы айылында заманбап китепкана курулуп, минден ашуун китеп белек кылган.

ЖАРЫГЫ ТИЙГЕН ЖАРАТМАН ИНСАН

Аскар Салымбековдун маданиятка, спортко кошкон салымдарын айта берсек, узак аңгеме болот.P.S. Мына ушул жогоруда жазылган фактылар Аскар Салымбековдун кыргыз элине, өлкөбүздүн билим берүүсүнө, илимине, маданият-тарыхына жандили менен күйөрүн тастыктап турат. Жалпы кыргыз элине кадыры бийик, эмгеги тоодой ишкерди 70 жаш кутман курагы менен кызуу куттуктап, зоболосу көтөрүлө берсин деп тилейбиз!

Кабыл МАКЕШОВ,  Кубатбек ЧЕКИРОВ,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер