ОШ ШААРЫНДА 75 ОРУНДУУ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
- 14.08.2026
- 0
Ош шаарынын Абдыкапар Базаров көчөсүндө жайгашкан №53/1 дарегинде 75 орундуу жаңы бала бакчанын пайдубалы түптөлүп, ага мезгил кутусу салынды. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси заманбап талаптарга толук жооп берип, наристелер үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жаркын шарттарды түзүү максатында курулууда.
Долбоорго ылайык, эки кабаттуу жаңы имараттын жалпы аянты 1118,5 чарчы метрди түзөт. Имараттын ичинде заманбап ашкана, жыйындар залы, медициналык бөлмө, уктоочу бөлмөлөр жана заманбап жылытуу системасы каралган. Ал эми короосунда балдар үчүн атайын коопсуз оюн аянтчасы курулат.
Белгилей кетсек, аталган аймакта буга чейин чакан жана эски бала бакча иштеп келгендиктен, жаңы билим берүү мекемесине болгон муктаждык өтө жогору болгон. Аны менен катар эле, жакында бул аймакта көп жылдан бери көйгөй жаратып келген таза суу маселеси да толугу менен чечилген. Жергиликтүү тургундар балдардын келечеги үчүн жасалып жаткан мындай камкордукка терең ыраазычылыктарын билдиришип, курулуш иштеринин ийгиликтүү жана сапаттуу аякташына тилектештигин билдиришти.
А.К., «КБ»






Комментарийлер