БИШКЕК: ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК

  • 14.08.2026
  • 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде мекеменин директору Ж.А. Орозалиевдин жетекчилиги алдында коллегиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүү, ошондой эле борбор калаанын билим берүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер каралды.БИШКЕК: ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫККоллегияда көзөмөлдөө-методикалык иштердин жыйынтыктарына, 2025–2026-окуу жылында жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугуна, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын аткарылышына жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Муну менен катар жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана билим берүү уюмдарында коррупциянын алдын алуу чаралары да кеңири талкууга алынды. Жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелерин даярдоо маселесинин алкагында шаардагы мектептерде жана бала бакчаларда жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү, көйгөйлүү жагдайлар жана аларды аяктоо мөөнөттөрү талдоого алынды. БИШКЕК: ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫКӨз кезегинде райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери аймактардагы мекемелердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы, учурдагы милдеттер жана окуучулар менен тарбиялануучулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча маалымат беришти. Жыйындын соңунда күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча көйгөйлөр аныкталып, конкреттүү чаралар белгиленди. Борбор калаанын билим берүү тармагынын туруктуу, натыйжалуу жана сапаттуу ишин камсыз кылуу максатында жооптуу түзүмдүк бөлүмдөргө жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине ишти мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмалар жүктөлдү.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер