БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО УЛАНУУДА
- 14.08.2026
- 0
Бишкек шаарында 2026–2027-окуу жылына карата балдарды биринчи класска кабыл алуу жана билим берүү мекемелерин даярдоо иштери жигердүү уланууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, азыркы тапта борбор калаа боюнча 24 909 бала 1-класска катталды.
Электрондук каттоонун этаптары жана бош орундар
Учурда балдарды 1-класска кабыл алуу электрондук форматта, белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүүдө. Каттоо жараяны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тиешелүү буйругу менен бекитилген Жобого таянып ишке ашырылууда. Ата-энелер арыздарын 1mektep.edu.gov.kg сайты, “Түндүк” мамлекеттик кызматтар порталы, МБанк уюлдук тиркемеси жана башка атайын санариптик платформалар аркылуу тапшыра алышат.
Электрондук системаны киргизүүнүн негизги максаты — ар бир баланын билим алууга болгон конституциялык укугун камсыз кылуу, ошондой эле мектепке кабыл алуу жараянын ата-энелер үчүн болушунча ыңгайлуу, ачык-айкын жана жеткиликтүү кылуу болуп саналат.
1-этап (1-апрель – 31-май): Балдарды юридикалык (микроучасток боюнча) катталган дареги аркылуу мектепке жайгаштыруу иштери жүргүзүлдү.
2-этап (1-июндан тарта): Ата-энелерге баланын каттоосуна же иш жүзүндө жашаган жерине карабастан, бош орундары бар каалаган мамлекеттик же муниципалдык мектепке арыз берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Статистикага кайрылсак:
2026-2027-окуу жылына Бишкек шаары боюнча биринчи класстар үчүн жалпысынан 26 420 орун каралган.
Катталган окуучулар: 24 909 бала; Бош калган орундар: 1 511 орун. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчилиги ата-энелерге кайрылып, эгерде тандаган мектепте орун калбай калган болсо, убакытты өткөрбөй, бош орундары бар жакынкы башка мектептерди карап чыгууну сунуштайт.
Мектептердеги жана бала бакчалардагы капиталдык оңдоп-түзөө иштери
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 120 муниципалдык жалпы билим берүү мектеби жана 127 мектепке чейинки бала бакча иш алып барууда. Жаңы окуу жылына карата билим берүү уюмдарын техникалык жана инфраструктуралык жактан даярдоо этап-этабы менен жүрүп жатат.
2026-жылга курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, социалдык объекттерди оңдоого ири көлөмдөгү каражаттар ажыратылган:
Билим берүү объекттерин оңдоо: «Капиталдык оңдоо» беренеси боюнча 93 билим берүү объектисин калыбына келтирүүгө шаардык бюджеттен 510,9 млн сом каралган.
Толук капиталдык оңдоо: 5 мектептин имаратын пайдубалынан бери толук капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 800 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, учурда курулуш-оңдоо иштери 80-90 пайызга аяктап калды. Бардык мектептердеги оңдоо жумуштарын 2026-жылдын сентябрь айына чейин толук бүткөрүү пландалууда.
Мектепке чейинки уюмдар: Тизмеге ылайык, 51 бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 247,6 млн сом бөлүнүп, оңдоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылууда. Адистердин айтымында, бала бакчалардагы оңдоо иштери 75-90 пайызга аткарылды. Бала бакчалар боюнча бардык жумуштар 2026-жылдын 31-августуна чейин толугу менен жыйынтыкталат.
Жалпысынан алганда, борбор калаадагы билим берүү мекемелери жаңы 2026–2027-окуу жылына карата оңдоп-түзөө иштерин өз убагында бүткөрүп, эшигин окуучуларга кенен ачууга толук даяр.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер