ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ БИРИМДИКТҮҮ ЖОЛ
- 17.04.2026
- 0
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ырысбек Атажанов ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самманг Джунг Тапа менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда балдардын укуктарын коргоо, сапаттуу билим берүүгө тең мүмкүнчүлүк түзүү жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ырысбек Атажанов ЮНИСЕФтин бул багыттагы долбоорлорду ишке ашыруудагы салымын белгилеп, уюм менен кызматташтык эл аралык стандарттарды киргизүүгө өбөлгө болорун айтты. Ошондой эле ал инклюзивдик билим берүү маселелерин изилдөө жана көзөмөлдөө үчүн Жогорку Кеңеште жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.
Өз кезегинде Самманг Джунг Тапа ЮНИСЕФтин 2026-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын абалы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштоого даяр экенин белгиледи.
Тараптар балдардын укуктарын коргоо жана билим берүү системасын жакшыртуу багытында кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин билдиришти.
Салкынай САЛМООРБЕКОВА «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти




Комментарийлер